НИКЕ ШАКЕК ТАГЫНУУ ЭРКЕКТЕРГЕ ЭМНЕСИ МЕНЕН КОРКУНУЧТУУ

Алтын нике шакек дайым тагынып жүрүү эркектерге өтө зыяндуу. Себеби, бул кымбат
баалуу металлда убакыт өткөн сайын кычкылдануу реакциясы жүрүп, химиялык заттарды
бөлүп чыгарат. Бул заттар эркектин жыныстык органдарына терс таасир тийгизип,
сексуалдык алсыздыкка алып келет.
Жыныс органдарынын туруктуу иштешине алтындын болгону миллиграммга дагы
жетпеген кычкылы таасир бере алат. Мындан арылуу үчүн колду бат-баттан жууп, шакекти
дагы бат-бат тазалап туруу зарыл – дейт ladyportal.info.

                                                                                     

                                                                                         Алтынды аялдарга таасири

Кызыктуусу, аялдын ден соолугуна алтын терс таасир тийгизбейт.
Окумуштуулар, аялдын гормоналдык жана жыныстык системасы сырткы
козгогучтардан жакшы сакталган, ошондуктан металлдын кычкылдануусунун
аларга зыяны жок деп түшүндүрүшөт.

 

                                                                             Эң коркунучтуусу – тар шакекти тагынуу

Тар шакекти сөөмөйгө тагынуу остеохондроз жана радикулитти козгойт.
Ортонго кийилген тар шакек атеросклероз менен гипертонияны, ал эми
чыпалактыкы – он эки эли ичеги ооруларын козгойт. Ошондуктан, эгер үй-
бүлөөлүк жашоо убагында толуп кетсеңиз, анда шакекти дагы чойдурушуңуз
керек, эң башкысы, түндөсү чечип коюну унутпаш керек.

 

                                                                                      Алтындын ден соолукка пайдасы

Окумуштуулардын ою боюнча, нике шакек жасалчу атайын алтын, организмге
сергитүүчү таасир берип, андагы болуп жаткан процесстерди тездетет.

Алтын шакекти алсыздыкты сезип турганда тагынса жардам берет дешет
окумуштуулар. Дагы бир нерсе, алтында сергитүүчү касиети бар болгон үчүн,
улгайып бараткан аялдар жана жүрөк оорулары менен ооруган адамдарга оң
таасир берет. Гипертониктерге дагы пайдасы бар, себеби артериялык кан
басымды төмөндөтөт, ал эми күмүш шакек тагынбай эле койгон туура.

                                                                                       

                                                                                                  Шакекти чечсе эмне болот?

Колдун алаканы менен манжаларында 400дөн ашык активдүү точкалар бар.
Алар түздөн түз боор, бөйрөк жана жүрөк менен байланышта. Практикада,
кээде доктурлар, болгону оорулуунун шакегин чечип коюп гана, баш оору
жана уйкусуздуктан арылткан учурларды кездешет.

               

                                                                                          Кайсы манжга шакек кийүү керек

Чынында, белгилүү бир манжага кийилген шакек, биологиялык активдүү
точкаларга таасир тийгизет. Кээ бир мисалдар бар: боюна бүтпөгөн аялдар,
шакек чечип боюна бүткөн учурлар дагы кездешпей койбойт. Муну медиктер,
баалуу металл менен минералдар ар кимге ар кандай таасир тийгизээри
менен түшүндүрүшөт.
Ал эми кайсы манжага шакек кийгенде, кайсы органдарга таасири болоорун
кийинчерээк дагы жазабыз.

Булак:anan.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу