Окумуштуулар никедеги эң бактылуу учурду аныкташты. Көрсө жубайлардын ортосундагы ысык мамиле 20 жылдан кийин көбөйөт экен. Бул тууралуу Пенсильвания штатынын Бригама Янга университетинин окумуштуулары изилдөө жүрүздү.
Алар 2000ге жакын үй-бүлө курган жубайлардын мамилелери боюнча изилдөө жүргүзгөн.
Изилдөөгө 35 жаштагы аялдар жана 37 жаштагы мырзалар катышкан.
Жыйынтыгында үй-бүлөдө жубайлар арасындагы ысык мамиле 15-жылга чейин азайган. 20-жыл аралыгында калыпташкан, 20-жылдан кийин болсо эки эсе көбөйгөн.
Учурда ажырашуу жөнөкөй эле көрүнүш болуп калбадыбы. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, канчалык нике көпкө уланса, ошончолук бактылуу болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун окумуштуулар далилдешти.
Булак: Zaman.kg