Никебизди кыйган соң, ишин бүтүрүп талак берди…

 

Caravan.kz сайтында жарыяланган төмөнкү окуя көпчүлүктүн жакасын карматты. Анда сойку кыз өзүнүн башынан өткөргөн окуялары менен бөлүшүп төмөнкүлөрдү айтып берген.

— Бизде кандай гана кардарлар болбойт. Ориентациясы башка, ошол эле учурда орой, мастар келет. Алар бизге жийиркеничтүү нерселерди кылууга мажбурлайт. Биз алардын баарына бирдей кызмат көрсөтөбүз. Алар төлөп берген акча үчүн баарына көнөбүз. Бирок мен айтып берейин деген окуяга мен алгачкы ирет туш болдум. Мага ошол күнү 40 жаштан ашып калган жүзү жарык эркек келди. Мен мас эмес экен деп кубанып, 1 саатка кызмат көрсөтүү үчүн аны менен чогуу бөлмөгө кирдим. Бөлмөгө кирээр менен күбүрөнүп бирдемелерди айтып баштады. Тыңшап көрсөм бизге “нике” кыйып жаткан экен. Кардарым молдобу же жөн эле динди катуу тутунган адамбы билбейм. Никебизди кыйып андан соң төшөккө жаттык. Бир саат төшөктөн кийин дагы бир нерселерди күбүрөнүп баштады. Дагы кулак салып турсам ал мага талак берип жаткан экен. Ал кеткен соң мен көпкө ойлондум. Намаз окуп жаткан адамдын кылган жоруктары туурабы же менин сойкулук жолдо жүргөнүмбү?”- деп айтып берген сойку кыз.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу