Нена, ырчы: «Аны эч качан кечире албайм…»

Маегибизди акыркы жаңылыктардан баштасак…
— Эл катары эле жаңы чыгармаларды жаратып, клип тарттырып, концерттерге катышып жүрөбүз. Ал эми чыгармачылыктан тышкары эне катары балдарыма кам көрүп, аларга көбүрөөк убактымды бөлүп жатам. Кудай буйруса, алдыда көптөгөн жакшы идеялар турат. Бир аз тыныгуудан соң, чыгармачылыкка кызуу киришип жаткан чагым.
Качан жеке концертиңизге күбө болобуз?
— Өткөн жылы «Сахнада 10 жыл» деген аталыштагы концертимди берүүнү жакшы эле пландап жаттым эле. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» болуп, шарт болбой калды. Жеке концертимди быйыл же кийинки жылы берүүнү пландап турам.

Эне болуу бактысын кандай сүрөттөп бере аласыз?
— Бул сезимди жеткиликтүү кылып айтып берүү мүмкүн эмес. Эне болуу – чексиз бакыт. Жашоомдун маңызы болгон уулдарымдын улуусу Санкара 5 жашта болсо, экинчи уулум Айбек 3 жашка чыкты. «Балам, баланын кадырын балалуу болгондо билесиң» дейт элибизде. Эне болуу менен көп нерсени баамдап билдим. Ата-энеме чексиз ыраазымын. Ошолордон күч-кубат алам. Алар менин таянаар аска-зоом, жүрөгүм. Анан да учурдан пайдаланып, ата-энем менен чогуу балдарымды каралашып, жардам берип жаткан сиңдиме чоң рахмат! Аларга ыраазычылыгымды өмүр боюу айтып өтөт окшойм.

Жолдошуңуз менен эки ажырым жолго түшкөнүңүз туурасында айың кеп эл ичинде  айтылып келет. Мунун жообун өз оозуңуздан уксак?..
— Билесизби, жеке жашоомду жарыялап, ачыкка чыгара берүүнү жактыра бербейм. Ар бир адамдын жеке ою, жеке жашоосу болот. Эми эл оозуна тарап кеткен соң, муну жашыруунун кажети деле жок деп ойлойм. Ооба, туура айтасыз… Биз ажырашып кеткенбиз. Жолдошум экөөбүздүн ажырашканыбызга бул жылдын күзүндө туура 2 жыл болот. Экс жолдошум март айында үйлөнгөн. Эми анын өз жашоосу, өз үй-бүлөсү бар.

—  Эки ажырым жолго түшүүңүздөргө эмне себеп болду?
— Себеби албетте бар. Эми мунун баарын айтуунун кажети жок го дейм…
Балдарды жалгыз тарбиялоо кыйынга турган жокпу?
— Ооба, балдарды жалгыз тарбиялоонун кыйынчылыгы көп. Бир учурда балага ата да, эне да болуу оор. Анткен менен ар бир баланын өз ырыскысы бар. Ата-эне болгон соң, эч качан «Кыйналдым» деп айтпаш керек. «Жашоомдо чоң бир сабак болмоюнча, мен ар бир нерсенин баркын түшүнмөк эмесмин» деп ойлойм. Өкүнгөнгө, кейип-кепчип ыйлаганга менде эч кандай себеп жок. Аллага шүгүр, биз аябай бактылуу жашап жатабыз.

Жолдошуңуз кечирим сурап келсе кечирип же балдарыңыздын атасы менен катышып туруусуна уруксаат берээр белеңиз?
— Жок аны эч качан кечире албайм. Ал эми балдарымдын атасы менен катышып туруусу боюнча… Билбейм… Бул туурасында азырынча эч нерсе айта албайм.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу