“Независимая газета”: “Июнда Атамбаев Путинге президенттикке талапкер ким болорун айтат…”

Кыргызстандын президенти Москвага коштошуу үчүн барат. Бул тууралуу “Независимая газета” басылмасына Виктория Панфилова жазып чыкты. Андагы маалыматка таянсак, Алмазбек Атамбаев 20-июнда Москвага барышы мүмкүн. Бул тууралуу20-апрелде Бишкекте өткөн ЕАЭБ жана ЖККУ жыйынында президент Владимир Путин менен болгон жолугушууда сүйлөшүлгөн.

Панфилова, “Кыргыз лидери президенттиктен кеткени менен саясатта калат. Ага Орусиянын колдоосу жана өзүнүн коопсуздугу тууралуу кепилдик керек. Эксперттердин көбү Атамбаев премьер-министрлик кызматка отурарын айтып келишет. Бишкекте болсо президенттикке талапкерлердин бири дагы азыркы бийликти тынч койбой турганы белгилүү болду. Алардын ар биринде бийликке, анын ичинде өлкө башчысына компроматы бар. Атамбаев үчүн болсо 19-ноябрда өтчү президенттик шайлоодо бийликтин партиясынан чыккан, ал ишенчү талапкердин такка отуруусу маанилүү,”- деп жазат.

“Президенттин командасында биримдүүлүк жок. Алар кимди талапкер катары чыгарын аныктай албай калышы да мүмкүн. Варианттар өтө эле көп, бирок алардын бири дагы командага туура келбей турган чагы. Май айында КСДПнын съезди болуп, талапкердин ысымы аталары күтүлүүдө”,- деп билдирген “Независимая газетага” КМШ институтунун Борбор Азия жана Казакстан боюнча эксперти Андрей Грозин.

“Эгерде иш сапары боло турган болсо, анда Орусия тарапка талапкер ким болору айтылат жана салтка айланып калгандай эле акча сурашат”,- дейт Андрей Грозин.

“Стратегия Восток-Запад” аналитикалык борборунун башкы директору Дмитрий Орлов “Независимая газетага” 2005-жылдан баштап Кыргызстан өлкө бийлигинин алмашуусунан коркуп калганын билдирген. Төнкөрүш коркунучу боло турган болсо, Атамбаев Путинден жардам сурайт. “Азыр анын алдында саясатта көпкө кармалуу маселеси турат, президент болбосо премьер-министр катары. Болбосо аны “жеп” коюшат. Саясий жактан жашап кетүү маселеси Атамбаевдин мурунку жакындары же азыр оппозицияда жүргөн Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн алдында дагы турат. Теориялык жактан карай турган болсок, алардын ар бири президенттикке талапкер болгон салмактуулар менен кепилдик тууралуу сүйлөшүп алуулары мүмкүн, бирок бул кепилдиктер сакталат деп айтуу кыйын”,- дейт Дмитрий Орлов.

Анын айтымында, Атамбаевге жана 2010-жылдын 7-апрелинде аны менен бирге болгондор бир командада ойношу керек: “Сыртынан караганда бул адамдар бир кайыкка отуруп алышып, аны тен ортосунан араалап жаткандай көрүнөт. Мунун натыйжасы белгилүү: баары чөгөт. Андан дагы жаманы өлкөнү өздөрү менен кошо тартып кетишет. Дал ушундай абалда Атамбаевде Орусиядан жардам күтүүдөн башка аргасы жок. Практика көрсөткөндөй, Кыргызстанда тынчтык болуусуна Орусия гана кызыкдар”.

Булак: “Майдан.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу