Бийлеп, ырдагандан тартынбаган Айжамал Кабылова өзүнүн жеке баракчасына негативке убакыт жок экенин айтып, төмөнкүчө билдирүү калтырган: «Бүгүн эч бир негативке убакыт жок болду, себеби таза абада, пейли кенен жөнөкөй элибиз менен эртеден кечке ырдап, бийлеп чер жаздык. Талантты баалай билген Кыргыз элиме ыраазычылык!»-дейт ырчы айым.
Чамасы, «негатив»деп өзүнүн тойдогу чимириле бийлеп жаткан видеосуна жазылган сындарга айтып жаткан өңдөнөт. Эмнеси болсо дагы ырчы Айжамалга ийгиликтерди каалайбыз.
БУЛАК: argument.kg