Нарын Айып, журналист: «Атамбаевде эч кандай таасир калган жок»

Дээрлик март айынан бери үн катпай, «командасынын» калың катмары камала баштаганда да реакция кылбай бугуп жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев жуманын башында, тагыраагы 19-ноябрь күнү жүзүн көрсөтүп, жеке менчик «Апрель» телеканалына маек берди. Менчик каналы болгондон кийин каалагандай сүйлөсө болот эмеспи. Анын сыңарындай ал «каалагандай» сүйлөдү өзүнө жакпагандарга «жугунду» куюп, жарыктык киши көнгөн адаты менен бир топ адамга асылды. Эң башкысы президент Сооронбай Жээнбековго болгон таарынычын билдирип, кайсыл сөзүнөн болбосун күнөөнү президентке байлаганга болгон аракетин жасады. Кызыгы: «ТЭЦти оңдоо иштери Жээнбеков өкмөт башчы кезинде болгон. Бирок аварияга Сапар Исаковду күнөөлөп коюшту. Ал күнөөлүү эмес, ал үчүн башка кишилер жооп бериши керек» деди. Мындан сырткары Атамбаев: «Бүгүн ал менин эмес, Бакиевдин жолу менен бара жатат, мен муну ачык айта алам» деген күлкү келээрлик оюн ортого салды. Албетте, бул ириң аралашкан «кыйшык» сөздөр ички таарынычтан улам чыгып жатканы жалпы элге маалым. Анткени, ажо Сооронбай Шариповичти «кол бала» катары башкарам деген Атамбаевдин «кыйды» максаты ишке ашпай талкаланып, арам ою ара жолдо быт-чыты чыккан. Айтор, жеке таарынычын мамлекеттик масштабдагы көйгөйгө айландыргысы келген Атамбаев жөн жатпай, кезектеги ызы-чууну жаратканга аракеттене баштаганы байкалып калды. Бул боюнча пикирин билдиргендерди тыңдап көрдүк…

— Эч кандай таасир этпейт. Бийликте 6 жыл олтуруп, бийлик эмне экенин түшүнбөгөн адам бир нерсеге таасир этем дегени менен таасир эте албайт. Анткени анын тарыхы өтүп кетти. Бир жылдын ичинде абдан көп өзгөрүүлөр болду. Анын таасири мурда деле болгон эмес, бийликтин күчү менен гана таасир кылып жүргөн. Коомго таасир кылам деген адамдын авторитети болуш керек, сөзү өтүмдүү болуш керек, сөзү калыс болуш керек, коомго таасир кылам десе. Жалаң бийликтин күчү менен таасир кылып жүргөн адам бийлигин жоготконун түшүнбөй жатат. Анда эч кандай таасир калган жок. Журналисттерди сотко бергенин, «Мен эмоцияга алдырып жибергем го» дегени, ага мен 2-3 эле сөз айтайын, апендинин акылы түштөн кийин келет.

Булак: «Де-Факто»

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу