Нарын облусунун Ак-Талаа районунда милиция кызматкерлери 5 дааватчыны камап коюшту. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, Ак-Талаа районуна 5 дааватчы тиешелүү уруксат кагаздары жок барышкан.
Алар 4-майда 40 күндүк дааватка Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон райондорунан барышкан.
Алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларга эскертүү беришкен, бирок буга карабастан алар даават кылууну улантышкан.
“Буга байланыштуу коомдук тартипти сактаган милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийбегени үчүн 5 суткага камакка алынышкан”,-деп жазылат маалыматта.
Булак: Каганат