Нарын шаарында 21-августта «Нарын – Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн!» аттуу форум болуп өттү. Анын жыйынтыгында жалпы 110 млн сомдук инвестиция тартуу боюнча 2 меморандумга кол коюлду.
Атап айтканда, «Шелковый путь» бут кийим тигүүчү ишканасын кеңейтүү жана байпак өндүрүүнү колго алууга 60 млн сом, андан тышкары бут кийим чыгаруучу ишкана түзүүгө 50 млн сом инвестиция тартуу макулдашылды.
Белгилей кетсек, аталган экономикалык форумга Орусия, Белоруссия, Тажикстан, Казакстан, Кытай мамлекеттеринин өкүлдөрү, Кыргызстандагы Эл аралык уюмдардын, бизнес-ассоциациялардын жетекчилери катышты.
Эске сала кетсек, Нарын шаарында өткөн экономикалык форум Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан 2012-жылдан баштап өткөрүлүүдө.
Булак: maralfm.kg