Нарында бир учурда 250 үй-бүлө уйлуу болду

Нарын облусунда «Ас-Салам» гуманитардык фонду 250 үй-бүлөгө бирден уй торпоктору менен берди. Уйлар атасынан айрылган бир үйдө үч же андан ашык жетим калган балдарга берилди. Жалпысынан 250 кожолукка аталган фонд баш-аягы 500 баш мал таратты. Кайрымдуулук фонддун Кыргызстандагы жетекчиси Нурмухамед Миңбаев берилген жардам боюнча буларга токтолду:

«Шаарды бир үйүң болсо, айылда бир уйуң болсо байсың дейт эмеспи. Эми бул үй-бүлөлөргө чоң жөлөк болот деген үмүтүбүз бар. Жардам берүүдө андай деле талап жок. Болгону атасынын өлгөндүгүн тастыктаган күбөлүк болсо жетет. Муктаж жарандарды болсо айыл өкмөттөрү, райондук акимдер тарабынан эле тандап алып жатабыз».

Нурмухамед Миңбаев «Ас-Салам» фонду кайрымдуулук ишин мындан ары улантып эми тогуз жашка чейинки атасы кайтыш болгон балдарга айына 2500 сомдон жөлөк пул бергени жатышканын айтат. Облуста 5 район болсо ар бир райондон кеминде 150 бала же облус боюнча эң аз дегенде 750 бала эми мамлекет берген пособиядан тышкары каражат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

«Ас-Салам» фондунун Кыргызстандагы жетекчиси Нурмухамед Миңбаев

Уйларды муктаж үй-бүлөлөргө тапшыруу ишине өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов да катышты. Ал элдерди берилген уйларды сатып же союп салбай аны мал кылып көбөйтүп кетүүгө чакырды:

«Урматтуу апалар, бир туугандар бул иштин эң башкы максаты эми алган малдарды сатып жибербей, жоготуп албай карап, көбөйтүп кетишибиз керек. Мындан ары дагы буга окшогон жардамдар берилет».

Уйлар Нарындагы Кочкор, Ат-Башы, Жумгал, Нарын жана Ак-Талаа райондорундагы жардамга муктаж элүүдөн үй-бүлөгө берилди. Алар балдары менен кошо келип, берилген жардамды өз колдору менен алышты. Алардын арасында Кочкор районунан келген Майрамкүл эже да бар. Ал алган уюнун тоютун камтип камдаарын дагы ойлонуштуруп койгон:

«Жардамды берип жаткандарга чоң рахмат. Ыраазычылык билдирем. Ушундай демөөрчүлөр көп болсо дейт элем. Менин болсо төрт балам бар. Биздин жерибиз бар ага чөп айдайбыз. Малга  арпаны сатып эле беребиз».

Райондордогу атасы каза болгон үй-бүлөлөрдү Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин аймактардагы кызматкерлери аныктаган. Аталган министрликтин жетекчи орун басары Жылдыз Полотова мамлекет аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпул чектеп жатканын, бирок ал көзгө көрүнбөй эле жоголуп кетээрин белгилеп, берилген уйлар балдардын таза тамак аш ичип чоңоюшуна да жардам болот деген оюн айтты:

«Жөлөкпул бул садага акча. Бүгүн бар эртең жок. Ошондуктан биз иштеп көнүшүбүз керек. Бул программанын өзгөчөлүгү балдар сүт азыктары менен толук кандуу тамактанса дагы болот».

Маалыматтар боюнча бул фонд муктаж үй-бүлөлөргө буга чейин дагы уйларды таратып келген. Бирок, мындай массалык түрдө муктаж кожолуктарга кайрымдуулук иши биринчи жолу уюштурулду.     

Булак: Маралфм.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу