Нарындагы КСДПчылар Атамбаевдин лигитимсиз лидер экенин таанышты — ФОТО

28-сентябрда Нарын шаарында «Атамбаевсиз КСДП» ураанын колдогон жыйын өттү. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, КСДПнын туруктуу мүчөсү Тариэль Болотбеков кабарлады. Анын айтымында, жыйынга Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунан келген жүздөгөн партия өкүлдөрү катышкан. Залдын тардыгына байланыштуу айрым жарандар сыртта калып кеткен. Жыйындагы негизги маселе катары өлкөнүн бардык аймактарында «Атамбаевсиз КСДП» ураанын алдында жыйналыштарды өткөрүү жана партиядагы татыксыз мүчөлөрүн чыгаруу сунушу каралды. Жыйынтыгында катышуучулар жогорудагы сунушту бир добуштан колдоп беришти. “Атамбаевди партиядан токтоосуз чыгарып, аны жоопкерчиликке тартуу талабын жер-жерлердеги партиялаштарыбыз көтөрүп жатат.

Бул ураан өлкө боюнча жаңырып, аягында КСДПнын республикалык курултайында Атамбаевди партиядан чыгарабыз. Ал учурда лигитимсиз лидер”, — дейт ал. Буга чейин коомдук ишмер Сагынбек Абдрахманов «КСДП Атамбаевсиз» деген ураандын алдында КСДПнын лидерлигинде отурууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып Чүй облусунун Москва, Панфилов, Сокулук райондорунда, Жайыл, Нарын облусунун Кочкор, Жумгал районунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жыйындарды өткөргөн. Токмок жана Кара-Балта шаары да толугу менен ушул ураанды колдогон.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу