Нарымбаев оозу-мурдунан кан аралаш төгүлгөн кадыр-баркын коргой алабы?

Бүгүн, Чолпон Жакупованын апасын жерге берип жаткан учурда, Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеев КРнын президентинин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевди оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, эки бутунун ортосуна тээп, оозу-мурдун канжалата соккон. 

Данияр Нарымбаев каршылык көрсөтүп, мушташкан эмес. Эми, адам өлүп, аны жерге берип жатканда мындай жаңжал болуп, бири-биринин мурдун кандап аткан көрүнүш жакшы болгон жок.
Түлеевдин Нарымбаевде кеги бар дешет. Соттолуп, отуруп чыкканына Нарымбаевди күнөөлөп жүргөнүн билебиз. Ошол өчүн бүгүн муштуму менен алды.
Булар, көчө балдары эмес да? Бир кезде эл башкарып, журт бийлеген жакшылар, мынтип, жөжө короздой бири-бирине секирип жатканы уят.

Нарымбаев Түлеевге учурунда мыйзамсыз кысым кылса, азыр сотко же тийиштүү органдарга кайрылып кегин алса болмок беле? Эми, Данияр Нарымбаев Түлеев менен былчылдашып, оозу мурдун кандашканга барбаса керек. Ал, өзүнүн кадыр-баркын, жигиттик, жарандык ар намысын мыйзам алдында коргойт го деп турабыз.
Эгерде, мыйзам алдында оозу-мурду аркылуу кан аралаш төгүлгөн кадырын коргой албаса, анда Нарымбаевди коркту же өзү күнөөлү тура деп түшүнөбүз.

Maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу