“НАРОДНЫЙ” ДҮКӨНҮ ЭЛДЕРДИ КАНТИП АЛДАП КЕЛГЕНИН БИЛЕСИЗБИ? (ФОТО)

“Народный” соода түйүндөрүндөгү айрым азык-түлүктөрдүн салмагы, товарда көрсөтүлгөн салмакка дал келген эмес. Бул дал келбөөчүлүктөр Мамэкотехинспекциянын Метрологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын инспекторлору тарабынан текшерүү учурунда аныкталган.

“Бишкек шаарындагы баардык ири соода түйүндөрүндөгү текшерүүлөрдүн натыйжасында, “Народный” соода жайларынын азык түлүктөрү, товарда көрсөтүлгөн салмактан 20 граммдан 250граммга чейин салмагы жеткен эмес. Мындай көрүнүш шаар боюнча он бир “Народный” дүкөндөрүндө аныкталган”,-деп жазылат маалыматта.

Тактап айтканда жер-жемиштердин, балык, ун, эт, козу карын жана ушул сыяктуу азыктардын салмагы кем чыккан.

“Буга байланыштуу, “Народный” соода түйүндөрүнүн жетекчилигине катуу эскертмелер берилди. Эгерде тийиштүү мөөнөттө талаптар аткарылбаса, аталган соода жайына катуу чаралар көрүлөт”,-деп кабарлашты Мамэкотехинспекциядан.

Булак: Kaganat.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу