Нариман Түлеев: “Биринчи 100 млн долларымды 24 жашымда иштеп тапкам, азыр “мультимиллионермин” деп мактанып жаткан Атамбаев менден карыз сурап жүрчү”

“Мен биринчи 100 миллион долларымды 90-жылдарда эле тапкамын, Алмаз Атамбаев азыр мактанып жатпайбы “мультимиллионермин” деп, керек болсо Атамбаев менден карыз сурап жүрчү”, – деп билдирди бүгүн, 6-декабарда Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев журналист Бермет Букашеванын “Секреты власти” телеберүүсүндө.

“Мен Кыргызстанда биринчи миллионермин. Советтер союзу учурунда эле мен бир нерселерди уюштура коюп, түптүз жерден миллиондорду иштеп тапчубуз. Ал кезде мен 22-23 жаштарда болчумун. Кыргыз сому менен эсептегенде мен миллиардер болчумун… Биринчи 100 миллион долларымды мен 23-24 жашымда иштеп тапкамын”, – деди Нариман Түлеев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу