Нариман Түлеев, экс-мэр: “Атамбаевдин эс-тутуму жакшы эмес, бул албетте, ичимдиктин таасири!”

Экс-президент Алмазбек Атамбаев   “Апрель” телеканалына берген интервьюсунда Нариман Түлеев тууралуу да айтты. Анын билдирүүсү боюнча биз Түлеевден жооп алдык.

— Атамбаев сизди “калп айтууга уста” дегендей кылды. Учакта Москвага чогуу учканыңыздарды соцтармакка жарыяладыңыз эле. Ошондо, сиз эмнени калп айттыңыз?

— Ал киши мени барон Мюнхгаузен деп айтпадыбы. А мен ал мени Мюнхгаузенге окшоштуруу менен өзүн-өзү даана сыпаттап алды дейм. Анткени, бул адабий персонаж ар күн кечте, кечки тамактан кийин пунш ичип отуруп, оюнан чыгарган окуяларды айтууну жакшы көргөнү менен таанымал эмеспи. Атамбаев да далай жолу ыңгайлуу креслосунда отуруп алып, өзүнүн оюнан чыгаргандарын айтып келатат. Анын айтканына аны такыр тааныбаган, кандай адам экенин, сапаттарын, мүнөзүн билбеген адам гана ишениши мүмкүн. А бирок көпчүлүк, жалпы эл анын өзү тууралуу абдан таза иштегенин, байлыгын кантип топтогонун, анын жандоочулары кандай мыкты инсандар экенин, а ага каршы чыгып, сынга алгандардын баары кузгун экенин саймедиреген аңгемелерин уккусу келбей калды. Мындай көрүнүш психикалык жактан соо адамдарга таандык нерсе эмес. Эл эчак эле Атамбаевге “соо эмес” деген аныктама берип коюшкан.

— Үч сааттан ашык арманын төктү деп айтты сизди. Арманыңыз абдан көппү?

— Сапарда көп сүйлөшкөнүбүз анык. Бирок, Атамбаевдин эс-тутуму сүйлөшүү кандай болгонун унутуп калган окшойт. Бул албетте, ичилген ичимдиктин таасири. Стюардесса ал отурган орундук менен учактын кызматтык бөлүгүнүн ортосунда эле чуркап жүрдү. Ишенбегендер 2018-жылдын 22-октябрында Бишкек-Москва багытындагы №1881 рейстин 1F жүргүнчүсү канча ичимдик ичти деп “Аэрофлот” компаниясына сурамжылоо жиберишсе, алардан так жооп келсе керек. Мен көп нерсени айтпай жашыргам, анын үстүнө нагыз моралдык-этикалык көз карашка басым жасаган нерселерди ачыкка чыгаргым келген эмес эле, а бирок эми  ал кишинин эсине салууга туура келди. Медицинада алкоголизмдин бир нече белгилери бар, анын башкылары так ушул нерсе — эс-тутумдун сакталбай калышы жана адам өзү жалгыз отуруп ичимдик ичүүсү.

Мен ичимдикке жокмун, аны көп адамдар билет. Ал эми Атамбаевдин эмне ичип, эмне койгонун өзүнүн телеканалындагы дебатта эсине салууга даярмын.

— Экс-президент менен дебатка катышкыңыз келеби?

— Мен аны телеканалдан дебатка чыгууга чакырам. Ошол жерден мен ага учакта канча ичимдик ичкенин, эмнелерди айтканын, жумшак айтканда, учурдагы президент жана ал турмак Владимир Путин тууралуу кандай ойлорун сыртка чыгарганын кайталап  берем.

— Эки достун, мурунку жана азыркы президенттин ортосундагы ажырым эмнеден улам пайда болду деп ойлойсуз?

— Атамбаевдин учурдагы президентке асылып жатканынын бир гана себеби бар – эл шайлаган Сооронбай Жээнбеков анын айдаган жагына баспай, элди сатпай койду. Чөнтөк президент болуудан баш тартты. Жээнбековго достук жана элдин кызыкчылыгы тандоосу келгенде, ал экинчисин тандады. Ошону менен ал элдин сый-урматына татыды. Ал эми Атамбаевдин алдына көп жылдык достук, же жеке, кыйтыр кызыкчылык тандоосу келээри менен ал дагы экинчисин кармады.

А.Белеков

Булак: “Майдан. kg” гезити

Аргумент.kg
Жооп калтыруу