Нариман Түлеев: “Стюардесса Атамбаевге арак ташып үлгүрбөй атты…”

10-декабрь, дүйшөмбү күнү экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн телеканалына берген маегинде адатынча ар кимди өзү каалагандай каралады, күнөөлөдү. Маектин арасынан бөлүп көрсөтө турган нерсе Атамбаев экс-мэр Түлеев менен кокустан болгон учактагы жолугушуу тууралуу теңирден тескери билдирүү таратты жана аны калпычы кылып көрсөтүүнүн аракетин жакшы эле көрдү. Буга Нариман Түлеев оюн төмөнкүчө билдирди:

Жакында берген маегинде Атамбаев мени барон Мюнхгаузенге салыштырды. Бирок ортодо сөз эмне тууралуу болгонун айта алган жок. Ал мени айтам деп өзү дал ошол барондун образында экендигин билбей калды. Дал ошол Мюнхгаузен кечки тамактан соң пунштан «серп» этип алып жомокторун токучу эмес беле. Ошол сыяктуу эле Атамбаев дагы креслого ыңгайлуу жайгашып алып, кезектеги жомокторун айтып жатат. Атамбаевди жакындан билбеген киши анын сөздөрүнө ынанып алышы мүмкүн. Бирок көпчүлүк анын командасы кандай иштерди жасап кеткендигин, анын «балдары» кандай «таза» иштерге баргандыгын билип калбадыбы?! Ким АШАны сындаса ал дароо ур тепкиге калганын эл билет. Акыйкатты мындай бурмалоо психикалык жактан соо эмес кишинин гана акылына келет эмеспи, мен ал кишини сындабай эле коеюн. Эл мурун эле ага: «Бул соо эмес» деген аныктама берип койгон. Мен көп нерсеге көз жумуп коеюн дедим эле, эми эсине салып коюума туура келип жатат. Ооба,узак жолдо узак убакыт сүйлөштүк, бирок Атамбаевдин эстутуму көп нерсени сактабай калса керек. Бул да болсо ичкен алкоголунун таасири да. Стюардесса Атамбаевдин креслосу менен самолеттун аркы бурчуна чуркап, ичимдик ташып үлгүрбөй атты. Эгер бүгүн «Аэрофлотко» суроо жиберсеңер 22-октябрь күнү Бишкек-Москва каттамы менен учкан 1F рейсинин № 1881 пассажири канча көлөмдө спирттик ичимдик ичкендигин чыгарып беришет. Медицина дагы алкоголизм менен жабыркап өзү менен өзү ичкен кишинин эс тутумуна доо кетери аныкталган. Менин ичпестигимди бары билет. Мен аны өзүнүн эле телеканалына дебатка чакырып эсине салып коюум керек. Мен ага цивилдүү адам катары телевидениеден жолугууну сунуштайм, учурдагы ажо тууралуу жана Путин тууралуу айткандарын ж.б. ортодо болгон сөздөрдүдагы бир жолу эсине салып кое алам».

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу