Нариман Түлеев: «Президент менен элдешпесең, түштүк-түндүк жолундагы былыктарың чыгат»

“Самолетто учуп баратканыбызда Атамбаев “эгер сен ушунчалык калыс болсоң, мени Сооронбай Жээнбеков менен элдештирип койчу” деп суранды”, – деп билдирди 15-декабрда Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев “5-каналдын” журналисти Нарын Айыптын суроосуна жооп берип жатып.

“Мен Атамбаевге “сен мени 6 жылда талкаласаң, менин ата-энемдин болгон оокатын тартып алсаң, туура эмес иштерге баргансын, анан мен эмне максат менен сени элдештирем, мага тескерисинче экөөңөрдүн мушташканыңар жакшы да” дедим тамашалап. Ал “жок эми калыс болуп бер, ситуация жаман болуп кетет, бир топ компроматтар чыгып кетет, андан көрө ошого жеткирбей, мени элдештирип койбойсунбу, Москвада канча күн болосуң?” деди. Мен “Моквада 1,5 ай болом” десем, “сураныч, мен бир жумада кайра Бишкекке келем, сен да бир жумада Бишкекке келип калбайсынбы, билетиңди тияк-биягына төлөп берем, кайра Москвага келе бересин” дейт. “Ой, мен Жээнбеков менен ушул убакка чейин саламдашып да көрө элекмин, анан мен кантип ага барамын, телефон чалсам эле ал киши кабыл ала коёбу” десем, “мен жолун билем” дейт. “Ал кандай жол” десем, “Бишкекке келсең, экөөбүз бир-эки саат чай ичебиз” дейт. “Менин үйүмө кел, чай берем, оокат ичип алып, анан чыксаң эле сени атайын кызматтар бийликке жеткирет “Нариман Атамбаевге кирип чыкты” деп, анан сени бир-эки күндүн ичинде Сооронбай Жээнбековго киргизип коюшат, анан сен ошол жерден акырын айт” дейт. “Мен жардам бере албайм, сага бир эле киши жардам берет, сен Владимир Владимирович Путинге бар, мамилең жакшы болсо ошол киши элдештирип коюшу мүмкүн. Досум деп атпадың беле. Азыр президент менен элдешпесең, түштүк-түндүк жолундагы былыктарың чыгат, ал жерден да бир топ балдарың камалат, Датка-Кемин менен бир топ балдар жабылат. Чукуса эле чыга берет, сенин максатың азыр элдешишиң керек” десем, “ошол, айлам кетип калды” деди. “Сен ызы-чуу кылбай , эс албайсыңбы, сенин ордуңда мен болсом, жыргап эле эс алып жүрө бермекмин” десем, ошондо айтып алды, Гоада бир нерсеси бар окшойт, “мен жыргап Гоада эле эс алып жатмакмын, бул жерде абактагы  балдар кыйнап жатпайбы” дейт”, – деди Нариман Түлеев.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу