Нариман Түлеев КРТКнын гендиректору Илим Карыпбековго “Эл сүйлөсө да сен сүйлөбөй эле койчу, сен мага бир нерсе жазчудай деги кимсиң?”

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековдун сынына жооп берип, экөөнүн ортосунда кайым айтышуу болду.

“Эл  сүйлөсө да сен сүйлөбөй эле койчу… Мен ал (Атамбаев- ред.) менен иштеп, анын алдында бийлеп, анын буйруктарын аткарып, аны сатып кеткен эмесмин… ошндуктан сен сүйлөбөй эле, аны сатып кеткендигиң үчүн кубан”, –  деп жазган экс мэр.

КТРКнын гендиректору Илим Карыпбеков да кем калбай:

“Албетте сүйлөбөйм байке, селфини татыктуулар, чынчылдар, сатпагандар, принципиалдуулар, байлар кылышсын. Мага сизге жетиш кайдан, ошондуктан мен сүйлөбөйм”- деп жооп жазган.

Өз кезегинде экс-мэр Нариман Түлеев Илим Карыпбековдун жазгандарына абдан кыжырланып:

“Сүйлөбөй эле кой, сен мага бир нерсе жазчудай деги кимсиң?”- деп кекеткен.

Ага Карыпбеков “Мен сизге жазган жокмун, биздин принципиалдуу, сатпаган, эч кимдин алдында бийлебеген, биздин урматтуу Нариман Ташполотович! Өзүмдүн Твиттер баракчама жазып жатам.  Эгерде сиз мен сыяктууларды көргөндөн иренжисеңиз, тияктан бирөөнөн сурасаныз, кантип кулптап салууну көрсөтүшөт, анан сиз тынч жашайсыз”- деп жооп берген.

Акырында Нариман Түлеев Илим Карыпбековго азыр бошобой жатканын айтып, ким экенин кийин түшүндүрөрүн билдирген.

Эске салсак, Илим Карыпбеков экс-мэр Нариман Түлеевдин кечээ, 22-октябрда Бишкек-Москва каттамындагы учакта Алмазбек Атамбаев менен түшкөн селфисин сындаган.

“Түшүнбөйм, жек көргөн адамың менен жылмайып сүрөткө түшүүнүн эмне кереги бар? Же азыр ошондой модабы, сүрөткө күлүп түшүп, артынан аны жамандаган,”- деп билдирген Илим Карыпбеков Твиттер баракчасында.

Булак:KyrgyzToday

Аргумент.kg
Жооп калтыруу