Нариман Түлеев: «Атамбаев козголоң салса, ага каршы автомат менен чыгамын»

— Нариман байке, салам! Атамбаевдер менен дискуссияга түшүп, алар катыра жооп бергенден кийин унчукпай калдыңыз?

—  Нургазы иним, мен качан эле унчукпай калдым эле? Алмазбек Шаршеновичтин айынан биздин өлкө ондогон жылдар өнүгүү жагынан артка кетги. Ага жакшы кеңешин айткан мен өңдүү канчалаган патриот жигиттерди түрмөгө тыгып кордоду. Буга чейин сенин гезитиң аркылуу анын зыяндуу иштеринин далайын ачыктагам. Айта турган сөздөр дагы көп.

 Эл ичинде»Атамбаев күзүндө көтөрүлүш чыгарат, 20 миллион доллар чачат»деген имиш жүрүп жатат. Ошого комментарийиңиз?

—  Туура,   Атамбаевде   акча   көп. Өлкөнү жети жыл жеп, куруткан, арам акчаларын чачып, кайра бийликке келгиси келет. Бирок, кыргыз элим эми анын арамза трюктарына алданбайт. Ал акчасын чачкан күндө да элим алат дагы, Атамбаевди «кидать» этет, Сенин гезитиңде мындан 6 жыл мурун Бекболот Талгарбековдун маеги чыккан, ал: «Атамбаев мин жылда бир келген кырсык» деп башында эле мүнөздөмө берген. Бул кырсыктын кайра келишине биз чечкиндүү түрдө каршы чыгышыбыз керек. Эл-журттун келечегин ойлогон мыкты патриот жигиттер көп. Бардыгыбыз биригип, атамбаевдик коррупцияга малынган мафияга каршы туралы. Мунун орду түрмөдө. Керек болсо элди көтөрөм деген акчасын тартып, мамлекетке которуш керек. Миллион, миллиарддарды жеген фактылар көп го, эмгиче түшүнбөйм, эмнеге эле аны эркелетип олтурушат. Капкачан камап коюшса, мындай ушак чыкмак эмес. Сооронбай Жээнбеков ушуга барса, келечек үчүи эн мыкты иш кылган болуп, соопко да калмак, кадыр-барк да күтмөк.

— Атамбаевге каршы ошондо сиз жеке өзүңүз эмне аракет жасайсыз?

— Анын колунан эчтеке келбейт! Коррупционерди ким ээрчимек эле! Эгерде болбой эле арам ойго батып, шайтан менен келишип, козголоң жасай турган болсо, мен биринчи болуп элге кошулуп сазайын берем. Мен бул арампоздон кыргыз мамлекетин автомат менен чыгып коргойм!

— Сооронбай Жээнбеков жакшы эле иштеп жатабы?

— Жегичтерди камап жатат. Баракелде! Эми баарын кустуруш керек! Биринчи кезекте акчасы менен көтөрүлүш чыгаргысы келип бийликти коркуткан Атамбаевди камап, желин чыгарып, бир   тыйынын   калтырбай   кустуруп берсе ага түбөлүк алкыш болот!

 Рахмат байке, сөздү жыйын-тыктай туралы…

— Айта   турган   кеп   көп   иним. Эксклюзивдүү,  сенин  гезитиңе  гана айта турган көп нерселер бар. Аны айтам. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, элимди Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайм!

Булак: «Майдан»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу