Нариман Түлеевдин «Караван», «ГУМ» соода борборлорун да мамлекетке алыш керекпи?

Бишкек шаарынын мэри болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бир катар сатып алууларда мамлекетке ири чыгым кылып, ал суммаларды жеке кызыкчылыгына жумшаган Нариман Түлеев соттон күнөөлүү болуп табылган. Сот аны күнөөлү деп таап, акчалай айып жана үй мүлкү мамлекетке өткөрүлсүн деп чечим чыгарган. Мындан тышкары 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарга барууга чектөө койгон. Бүгүн, Нариман Түлеевге таандык «Сапат центр» ишканасынын имараты мамлекеттин энчисине өттү. Нариман Түлеевдин мындан тышкары «Караван» соода борбору, көп кабаттуу үйлөргө ээлик кылат. Жакында колдонууга бериле турган «ГУМ» соода борбору дагы Нариман Түлеевге таандык.

«Уурунун арты кууш»,- дегендей Нариман Түлеевдин мамлекетти тоногон кыянатчылыгынын жыйынтыгы ушул. Президент Алмазбек Атамбаев Түлеевге окшогон паракор, уурулардын мүлкүн мамлекетке алып, бей-бечераларга бериши мактай турган иш.  Нариман Түлеев «Кыргыз Темир» ишканасында жетекчи болуп иштеген убагында далай мамлекеттин байлыгын тоногону айтылып жүрөт.

Ал камактан чыкканда кызы аркылуу президентке жагынып, кайрылуу кылып мактап көргөн. Бирок, ууру Түлеевдин мактоосуна президент алданган жок. Ууруга ушундай мамиле кылыш керек. Эми, анын жанында жүргөн паракор досторуна дагы бийлик кайырмак таштаса экен…

Булак: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу