Нариман Түлеевге операция жасалды

Кыргызстанга белгилүү инсан, мурдагы депутат, Бишкек шаарынын гүлдөп, өзгөрүшүнө чоң салым кошуп элдин эсинде калган Нариман Түлеев акыркы күндөрү саясаттын сары изинен көрүнбөй калды.

Нариман Түлеев, кандайдыр бир себептер менен камакка алынып, атасынан-жотосуна чейин тешкерүүгө негизинде көп кыймылсыз мүлктөрү мамлекетке адилетсиз өтүп кеткени жалпыга маалым.

Баарынан да Нариман Түлеев камакта жатканда баласынын бешенсинен өөп, соттордун адилетсиздигине ыза болгон атасы, түнү барып, каза тапканын көптөр унута элек болуш керек.

Ошол мезгилде, ашыгы айкүрүнөн түшкөн Аида Салянова, “баарын четинен камаш керек”, “түрмөгө тыгыш керек”, деген Баш прокурор, азыр, өзү соттун эшигин каккылап, “чындыкты айткыла”, деп чындык издеп чыркырап жүрөт. Бул көрүнүштү тагдырдын тамашасы деп койсо болот.

Эми эмне дейбиз, эл оозунда элек жок. Айрымдары Алмазбек Атамбаев, “кыйын экен, баарынын атасын таанытты”, десе, бири, “эээ, шоопурда кыйын экен”, деп баш чайкашып, бири “жакында бул бийлик кетет”, деп сүйүнгөндөр дагы жок эмес. Кыскасы, ар ким, ар кандай сын-пикирин айтып жатат.

Баса, бизге жеткен маалыматтарга караганда саясатта аты аталбай калган Нариман Түлеев, ден соолугу менен алек болуп, ушул таптарда Германияда операция жасалганын уктук.

Эмне дейбиз Нариман Ташболотович, Сизге ден соолук каалайбыз, үй-бүлөөңүздүн бактысына аман болуңуз. Айдын 15и караңгы, 15и жарык дейт кыргызда. Мүмкүн Сизге, 30 күн тең жарык боло турган күн да келип калаар. Анткени эртеңки күндү эч ким билбейт…

Эми Нариман мырза, ден соолугун чыңдап, элине аман-эсен кайтып келип, кайсы бир лидерди колдой тургандыгын ачык-айкын билдирсе, ошол лидерге ийгилик жаратаары чын. Анткени, Түлеевди сыйлаган-урматтаган тарапташтары кайсы талапкерди колдой тургандыгын күтүп турушат деп уктук.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу