Наргиза Айтемирова, ырчы: «АТА-ЭНЕМ ИЙГИЛИК ЖАРАТ, БОЛБОСО ЫРЧЫНЫН САНЫН КӨБӨЙТПӨЙ ҮЙДӨ ОТУР ДЕШЕТ»

Жакут Сыдыков менен «Алло» деген ырды дуэт аткарып эл көзүнө түшкөн ырчы Наргиза Айтемирова жакында эле белгилүү өзбекстандык актёр Адиз Ражабовду клибине тартып келди. Ырчы кыз биз менен чыгармачылыгы, алдыга койгон пландары менен бөлүштү.

Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 3-март

Туулган жери – Баткен облусу, Айдаркен шаары

Билими – Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн

Бою – 170 сантиметр

Салмагы – 56 килограмм

Репертуарындагы ырлары – «Алло», «Сиз дейинчи», «Бир болобу», «Ырдап берейин», «Унута албайм», «Эмнеге?» жана башка

Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын ортончусу

– Салам, Наргиза. Инстаграмдагы баракчаңа популярдуу өзбекстандык актёр Адиз Ражабов менен тартылган клибиңден үзүндү жүктөдүң?

– Саламатсыздарбы, ооба, жакында эле Ташкентке барып Адиз Ражабов менен «Кош болгун, ай» деген ырыма клип тарттырып келдим. Клипте экөөбүз сүйүшкөндөрдүн ролун аткардык. Клибимди тарткан «Uzteam» студиясында менин клипмейкер досум Ислам Мансуров иштейт. Ал мурун Ош шаарындагы менчик телеканалда эмгектенчү, кийин Ташкентке кеткен. Башында досума популярдуу өзбек ырчысы менен дуэт ырдоо тууралуу ойлорумду айткам. Бирок бир ырчы менен сүйлөшүп, ал чакырганда мен шартка байланыштуу өз убактысында бара албай калгам. Ал эми клипке Адиз байкени атайын тандадык. Себеби Кыргызстанга да жүзү таанымал болсо дедик. Адиз байке аябай жөнөкөй адам экен. Кыргыз киночулардан сунуш түшсө тасмага тартылууга даяр экенин билдирди. Ош окуясынан кийин биз өзбек туугандардан алыстап кетпедикпи, мамилебиз эми гана калыбына келип, достуктун көпүрөсүн түзгөнгө эки өлкөнүн чыгармачыл адамдары салымыбызды кошолу деп жатабыз.

– Негизи эле чыгармачылык деген түйшүктүү жолдо канчадан бери келе жатасың?

– 16 жашымда биздин айылга «Кыз-Бурак» тобу концерт коюп келген. Ошондо Кенже эжеге (ред.: Дүйшеева) келип «кичинемден ырдайм, мени топко алыңызчы» деп сурангам. Кенже эже ырдатып көрүп, ата-энем менен сүйлөшүп мени айылдан Ош шаарына алып келген. Ал кезде топко кошулам деген кыздар көп эле, жаштык кылып ич ара кыздардын тирешине, атаандаштыкка чыдабадым окшойт, топтон кетип калгам. 11-классты бүтүп ОшМУнун журналистика факультетине тапшырып кайра «Кыз-Буракка» бардым, алышты. Бир жылдай топтун башкы курамында ырдап жүрдүм. Бирок окуума жетишпей, топтон кетүүгө туура келди. 2012-жылы Динара Эсенгуловага жолугуп, «ырчы болом, жардам бериңизчи» десем, «мен азыр кино тартуу менен алекмин, ырчыларга продюсерлик кылбай калгам. Кааласаң киного тартылып көр» деди. Ошентип кастингден өтүп «Быйыл сөзсүз күйөөгө тием» тасмасында эпизоддук каармандын ролун аткаргам.

– Сени көбү «Кыз-Бурак» тобу же тасма аркылуу эмес, Жакут Сыдыков менен аткарган «Алло» деген чыгарма аркылуу билишет.

– Ооба, мен өз алдымча иштеп баштаганда Султан Садыралиев, Жакут Сыдыков менен Кытайга гастролго барганбыз. Ошол жактан таанышып, Жакут байкеге «сиз менен тамашалуу дуэт жаздырыш керек экен» деп койгом. 2016-жылы Жакут байке «Алло» деген дуэтти аткаралы» деп сунуш киргизген. Анан Жакут байкеге «казактардыкы болсо ызы-чуусу жок эле чыгармабы, кийин соттошом дебейби, бир нерсе болсо өзүңүз жооп бересиз» деп кооптонуп жаткам. Мен айткандай эле ырыбыз жарыкка чыккандан кийин казактар «уруксаты жок ырдадыңар» деп таарынышты, сөз кылышты.

– Бирок Төрегали Төреалинин Алматыдагы концертинде аны менен чогуу ырдадың?

– Мага Төрегалинин продюсери чалып, ырчынын концертинде конок болуп ырдап кетүүмдү суранган, мен макул болуп Алматыга бардым. Жолугушууда Төрегали «Алло» ырынын сөзүн, обонун жазган адамдар менен тааныштырды. Ичимден «булар мени концертке деп коюп эле соттогону чакырган окшойт» деп коркуп кеттим (күлүп). Бирок ошол жолугушуудан кийин Төрегали «кыргыз-казак кесиптештер мындан ары ыр алышып, беришип эле жүрөлү» деп ортодогу араздашууга чекит койду. Төрегалинин концерти аябай жакшы өттү. Ошондон кийин менде стимул пайда болду. Мурун клип тарттырып, ыр жаздырып койсом болду, бирөөсү багымды ачат деп ойлочумун. Алматыга барып келгенден кийин чыгармачыл адам элге жаңылык жаратып туруш керектигин билдим.

– Кесибиң журналист болсо, музыкалык билимиң жок экен да?

– Мектепти бүтүп консерваторияга тапшырам дегенде ата-энем каршы болуп коюшкан. Менин ырчы болорума ишенген эмес. Ата-энем «ийгилик жарат, болбосо ырчынын санын көбөйтпөй үйдө эле отур» деп жемелеп турушат.

– Жеке жашоодо абал кандай, турмушка чыгуу тууралуу ойлорду бышырып жатасыңбы?

– «Турмушка чык» деген сөздү туугандардан күнүнө 5-6 жолу угам. Мен сүйлөшкөн жигиттердин арасынан чыгармачылыгымды колдогон жигит чыкпай жатат. Ошондуктан турмушка чыкпай жүрөм. Тапсам эле туугандарды сүйүнтөт элем. Анткени ушунча жыл кыйналып баштаган нерсемди орто жолдо таштап салгым келбейт. Жыйынтык чыгарыш керек да.

– Жыйынтыгы ийгиликтүү болсун, маегиңе рахмат!

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу