Нан менен картошка эмнеге зыян?

Адистер ичтин семирүүсүн пайда кылган төрт тамак-аштын түрүн атады. Аталган тамак-аштар семирүүдөн сырткары ден соолук үчүн дагы кооптуу экендиги айтылды. Башкача айтканда жогорку кан басым, жүрөк кан тамыр жана кандын түзүмүндөгү канттын көбөйүүсүнө алып келет. Бул тууралуу “Express” агенттиги кабарлады.

Алар күрүч, нан, картошка жана дан тамак-аштары. Изилдөөгө 69 адам катышкан. Анын жыйынтыгы боюнча курамында көмүртек аз болгон тамак-аштар менен диета кармаган адамдардын ичиндеги майлар он пайызга жоголгон. Ал эми катуу тартипте кармаган диетадагы адамдарда мындай көрүнүш байкалбагандыгы айтылат.

Ал ортодо адистер биротоло да кара нандын ордуна ак нанды колдонуу да болбостугун эскертет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу