Нандын көгөргөн жерин алып таштап жеш керекпи же ташташ керекпи?

Адистер көгөрүп кеткен нанды жебей таштоо керектигин эскертишет.

«Нандын ичи жумшак болгондук, анын бузулган жерин кесип алып таштоо мүмкүн эмес», – дейт АКШ айыл чарба министрлигинин өкүлү Марианна Грейвл.

Көгөргөн жердин курамы адам көзүнө көрүнбөйт. Ошондуктан анын курамындагы заттар нандын ичине оңой кирип кетет. Ошол себептен нандын ичи биз ойлогондон да көп бузулат. Көк зат түрдүү бактериалардан турат.

Көктүн кээ бир зыянсыз түрү да бар. Аларды жесе болот. Алар быштак, сырда кездешет. Ал эми нандын көгөргөнү ден-соолукка зыян. Ал адамдын дем алуу системасында аллергияны пайда кылат. Көгөргөн нанды пакетке салып, бетин жаап ташташ керек.

Башка азык-түлүктөр көгөргөн учурда эмне кылабыз?

Эт сыяктуу каттуу заттардын көгөргөн жерин байкасаңыз, аны кесип алып таштаса болот. Катуу сыр менен жер-жемиштер, сабиз, перец, капуста сыяктуу азыктардын түзүлүшү катуу болгондуктан алардын көгөргөн жерин алып таштап пайдаланууга болот.

Көгөргөн жерлер жылуу жана нымдуу болгондо пайда болот. Бактериялардан сақ болуш үчүн азык-түлүктү жумасына бир жолу сатып алууга аракет кылыңыз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу