Намаз окуп, бирок ойноштук кылса эмне болот?

Калтырбай намаз окуп, мечитке барган, бирок зынаадан баш тартпаган адамдын кыяматтагы абалы кандай болот?

Кадыр Маликов

Теолог

Бул жөнүндө атайын хадис бар: Пайгамбарыбыздан “Намаз окуп, бирок ойноштук кылса эмне болот?” – деп сурашканда, ал “Анын намазы, намаз болуп саналбайт!”- деп айткан.

Намаздын кудайга сыйынуудан башка дагы бир максаты — адамды жаман иш-аракеттен кармап туруу. Демек, адам намаз окуп, бирок күнөө кетире берсе, анда намаз ага таасир берип, максатына жете алган жок. Ал намазга жеңил ойлуулук менен мамиле кылып жатат, кудай алдында кылгандары үчүн жооп берет.

Исламда адам күнөө кетирсе тобо кылып, экинчи ирет аны кайталбаганга аракет кылат. Эгерде адам намаз окуп, бирок күнөө кетире берсе, андан чоң сурак алынат.

Жакшысы мындай адам чын жүрөгүнөн өкүнүп, экинчи кайталабай тургандыгын айтышы керек.

БУЛАК: bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу