Назми: «Эне тилде жакшы сүйлөй албайм, эми кызымды кыргыз мектепке бердим»

Соңку мезгилде кыргыз шоу-бизнесине жаңы образ, имидж менен кайткан ырчы айым Назми Байзакова «Бактым тоодой ушундай», «Манас» ырлары менен күйөрмандарын топтоодо.

39 жаштагы эстрада ырчысы Назми Байзакова менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

— Бир кезде Назми Байзакова айылдан ИИМдин академиясына тапшырам деп келип, жашы жетпей калган экен. Эми ал элге таанымал ырчы болду. Эгер милиционер болуп калса, кандай болмок?

— Жакшы суроо экен. Мүнөзүм каардуу болуп, чоң эле кызматта иштеп калсам керек. Ырчылыкты тандап кеткениме өкүнбөйм. Чыгармачылыктын аркасы менен эл-жер көрдүм. Элдин батасын алган эң жакшы нерсе деп ойлойм.

— А эмнеге милиция кызматкери болууну самачу элеңиз?

— Алардын кесиптик формасы жакчу. Кылмышкерлерди кармап, коомго пайдамды тийгизүүнү максат кылгам.

— Мектеп курагында спорт менен да машыкчу экенсиз. Анан кыздар менен жулкулдаша кеткен учурлар болду беле?

— Биздин Балыкчы негизи өзгөчө шаар. Райондорго бөлүнүп, бири-бирибиздин аймагыбызга өтүп кетсек, дубалга такамай башталчу. Эсимде, бир жолу коңшу мектепте дискотека болот деп угуп калдык. Беш кыз болуп кирип барсак, шаардык кыздар «Бишкектен келдик, бир нерсе дебейсиңерби» деп кыйынсынып калышты. Мен ал кезде спорт менен машыгып, кулатуу боюнча республикалык чемпионатта экинчи орунду алгам. Бирдеме болсо кыздарым үчүн «туруп» берем деп билек түрө бергенде, чоң эжелер аралашып, таркатып жиберген. Негизи өзүм чыр-чатактан алыс адаммын. Сабырдуу болгонго аракет жасайм. Кулатуу менен үч жыл машыккандан кийин, апам ден соолугума байланыштуу токтоттуруп койгон.

— Атыңызды Назми деп ким койгон?

— Өзүмдүн атым Назгүл. Таенем жомоктогу Назми ханышанын атын ыйгаралы деп жүрчү экен. Өзүмдүн апам «кийин кайсы кемпир десе, Назми кемпир деп айтмак беле» деп болбой коюптур. Кийин сахнага чыкканда элге атым сиңимдүү болсун деп Назми деп чыктым.

— Ырчылык боюнча атайын билим алдыңыз беле?

— Күрөңкеев атындагы училищанын эстрада-вокал бөлүмүнө тапшырып, Рафаель Сарлыковдун классында окудум. Кийин Искусство университетинин гитара бөлүмүнө өтүп, бирок ресторанда ырдап бирде эрте, бирде кеч чыккандыктан толук бүтө албай калдым. Юридикалык академиянын жарандык укук коргоо бөлүмүн сырттан бүтүрүп, диплом алгам.

— Акыркы учурларда чыгармачылыкта активдүүлүгүңүздү көрсөтүп, имиджиңизди да бир топ өзгөрттүңүз…

— Бул нерсе жолдошумдун колдоосунда ишке ашып жатат. Балдарды чоңойтуу менен алектенип жүрүп чыгармачылыгым үзгүлтүккө учурап калган учурлар болду. Бирок ошол кездеги толуктугума карабай бир-экиден ыр жаздырып, клип тарттырып жаттым. Анан бир карасам балдарым чоңоюп калыптыр. Жолдошума чыгармачылыкка кызуу киришели десем, колдоп, каржылап берди. Арсен Мендебаев жетектеген «СинемАрт» продакшн студиясы менен команда топтоп, иштеп баштадык. Дароо эле имиджимди өзгөртүштү. Чыгармалар менен иштөөдө топтун жардамын сезип жаттым. Элдин кабыл алуусу да жакшы болду.

Имиджиңизди өзгөрткөнгө чейин чачыңыз да узун эле.

— Узун чачтын убарасы көп экендигин жакшы билем. Чачыңызды кыскартабыз дешкенде, мен макул болгонум менен жолдошум көнбөй жатып макул болду. Кичүү кызым «апа, чачыңызды тезирээк өстүрүңүз, эл эркек бала деп ойлойт» деп сарсанаа болуп алыптыр.

— Анан да мурунку сүрөттөрдө толугураак элеңиз?

— Мектепте окуп жүргөндө эле толмочун кыз элем. Студенттик убакта чыгармачылык деп жүгүрүп жүрүп арыктадым. Төрөгөндөн кийин салмак коштум. Арыктоо үчүн диета менен спорттун фитнес түрүн айкалыштырдым. Мурун 70 киллограмм болсом, азыр 10 киллограммга арыктадым. Төп келе турчу салмагыма дагы 2 киллограмм калды.

— Учурда кыргыз-шоу бизнесиндеги ордуңуз кандай деп ойлойсуз?

— Алдыда туруктуу ордумду тапсам деген оюм бар.

Булак: Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу