Назми Байзакова: “Кыска чачым көбүнчө жаккан жок”

Акыркы убакта бул ырчы айым күйөрмандарын уккулуктуу ырлары, сүйкүмдүү стили менен кубантып келет. Үй-бүлөнүн, балдардын түйшүгүнөн сырткары чыгармачылыкты аксатпай алып кетүү ырчы айымдар үчүн эрдик экени талашсыз.

— Назми айым, стилиңиз бат-баттан өзгөрүп атат. Көңүлүңүзгө төп келчү нерсени таба албай жүрөсүзбү?

— Буга чейин кыска чачым катуу талкууга алынды. Бирок көбүнө жаккан жок. “Жарашпайт экен, улуу көрүнүп калат экенсиз. Узун чачыңыз назик көрсөтчү”, — деген сындарды көп уктум. Бирок өзүмө кыска чач жаккан. Алып жүргөнгө да ыңгайлуу экен. Акыры Айнура Өмүралиева деген стилист кыздын сунушу менен узун чачтуу образды жараттык.

— Сиздин ашыкча салмактан тез арылта турган ыкмаңыз көп айымды кызыктырууда. Ал ыкманы окурмандар менен бөлүшө кетпейсизби?

— Бул өз ыктыяры менен тамактан баш тартып, ачарчылык кармай турган ыкма. Адамдар илгери ач менен токтун далайын көргөн. Андыктан биздин организм бул нерсеге даяр. Адамдын организми негизи тамакты талап кылбайт экен. Тамак сурап аткан нерсе – биздин ичибиздеги микробиом. Салмактан арылуу үчүн алгач ошол микробиомду организмден клизма аркылуу жуупчыгарып салуу керек. Эгер тазаланбай туруп ачарчылыкты баштасаң организм кыйналат. Клизма аркылуу тазалангандан кийин каалаган өлчөмдө суу, чайдын түрлөрүн, шекери жок кофе иче берсе болот. Булардан башка эч нерсе ичкенге да, жегенге да болбойт. Үчүнчү күн болгондо эртең менен бал кошуп же шекер кошуп чай ичип койсо болот. Таттуу чай булчуң алсыздыгынан сактайт. Мында организме көп деле күч келбейт. Тескерисинче анча-мынча дарттан арылтат экен. Мисалы, мен ашказан оорусунан кутулдум. Онкологиялык оорулардын баштапкы стадиясында да жакшы жардам берери далилденген. Себеби, организм кайра башынан жаңыланат. Баса бюелгилечү жагдай, бул диетаны бөйрөгүндө ташы барлар кармаганга болбойт.

— Сиз канчанчы ирет кармап атасыз?

— Төртүнчү ирет кармап атам. Алгач бул ыкманы терең изилдеп, окуп чыккам. Башында ачарчылыктан чыккандан кийин дароо эле тамак жеп койгом. Бир аз шишигенсип калган элем. Көрсө, акырындан организмди көндүрүп, бир жума тузу жок тамак жеп диетага отуруу керек экен. Кийинки үч жолку ачарчылык жеңил өттү. Ушундан кийин жүзүмө түшүп келе жаткан майда бырышиардан да арылдым.

— Сизге жеке баракчага байланышып, арыктоонун сырларын сурагандар арбын болсо керек?

— Толуктук ар бир айымдын көйгөйү. Мен өзүм төрөттөн кийин толдум. Табиятыман толуп кетүүгө жөндөмдүүмүн. Арыктоо үчүн спорт залга бардым, диетанын түрүн кармадым, жардам берген жок. Акыры ачарчылык кармоо жакшы натыйжасын берди. Сырткы келбетимде жагымдуу өзгөрүүлөр болгондон тарта мага байланышка чыгып, кандай жол менен арыктадыңыз деп сурагандар арбын болду. Ошондуктан социалдык тармактагы баракчама баарын төкпөй-чачпай түшүнүктүү кылып жазып койдум.

— Чыгармачылыкка жаңы дем менен киришип, бир катар мыкты чыгармалар жаралды. Артыңызда кандай команда турат?

— Продюсер, режиссёр Арсен Меңдебаевдин “Синемарт” студиясы менен иштешип атам. Күчтүү команда. Арсендин ой жүгүртүүсү, идеясы күчтүү. Биринчи стилимди Замира Молдошева иштеп чыккан. Негизи ар бир жаңы чыгармага жаңы образ жаратабыз деп сүйлөшкөнбүз. Буюрса, алдыда дагы көп жакшы пландарыбыз бар. Чыгармачыл адам болгондон кийин дайыма жаңыланып, изденип күйөрмандарга жагымдуу жаңылыктарды тартуулап туруу керек. Бул шоу-бизнестин эң негизги талабы десем болот.

— Курбуларыңыздан “Назминин жолдошу жакшы колдоо көрсөтөт” деп көп угам. Ырчы айымдар үчүн чыгармачылыкты түшүнгөн түгөй табуу оор болсо керек?

— Ооба, менин ар бир жараткан ийгилигимдин артында жолдошум Талант турат. Чыгармачылыгымды баалаганына Кудайга шүгүр кылып келем. Тескерисинче мен үйдө жалкоолонуп жатып алсам: “Тур, изден, ыр танда. Кайсы аранжировщикке баралы, клипти кандай кылып тарттыралы?” деп мага дем-күч берип турат.

— Сиздей болуп стилди тез-тез алмаштырууга, арты артынан иыр жаздырууга көп эле каражат кетсе керек. Өзүнүздүн тапкан акчаңыз буларга жетеби?

— Өтө көп каражат кетет. Акча маселесин бүт жолдошум көтөрөт. Жеке өзүм тапкан каражатка байлансам жеткире алмак эмесмин.

— Адатта эркектер уулдуу болууну самап келишет. Дагы балалуу болуу планыңызда барбы?

— Альбина 3-класста, алима 6 жашка чыгат. Жолдошум экөөбүздүн 3 кыз, 2 уулубуз бар. Азырынча төрөйүн деген план7ым деле жок. Калганын убакыт көрсөтөт го.

— Жолодошуңуздун балдары менен очор-бачар бир үй-бүлө болуп кеткенге чейин кандай кыйынчылыктардан өттүнүз?

— Албетте, башындат оңой болгон жок. Өзүм төрөгөн кызым Альбинаны катуу урушуп коём, анысы мага билинбейт. Жолдошумдун мурдагы никесиндеги балдарына катуу айтып койсом таарынып калат. Анын үстүнө өткөөл куракта балдардын мүнөзү өзгөрүп калат эмеспи. Кандай кыйынчылык болбосун сабырдуулук менен жеңгенге аракет кылып аттым. Ал оор кырдаалдан өтүп кеткенден кийин баары өз оордуна келип калгансыды. Азыр жолдошумдун баладры менен тил табышып, ал тургай сырдашып да калабыз. Канчалык чыдамдуу, көтөрүмдүү болсоң кийин акыбетин көрөт экенсиң.

— Улуу кызыңыз турмушка чыкканда өзүңүз узаттыңызбы? Кандай кайнене болуп атасыз?

— Улуу балабыз үйлөнгөн, эки неберебиз бар. Улуу кызыбызды Таласка ала качып кетишкен. Эми каардуу кайнене эмесмин. Күйөө бала менен келинге колдон келишинче жакшы мамиле жасаганга аракет кылып келебиз. Өзүңө кандай мамиле күтсөң башкага ошондой мамиле кыл дешет эмеспи. Бирөөнүн кызын, уулун өзүңдүкүндөй аяш керек го дейм

— Өзүңүзгө жакпаган кайсы сапаттан арыла албай келесиз?

— Мурда уйкучу болчумун. Бирок жогорудагы ачарчылык ыкмасы менен ал сапаттан да арылдым. Сергек тартып калдым. Өзүмө жакпаган сапат-унутчаактыгым. Эртең менен чалып кечкиге жолугушуу белгиленсе унутуп калам. Бир ай мурда таанышкан адамымдын атын унутам, кайра кезигип калсам “кандай шартта, качан тааныштык эле” деп сурап ыңгайсыз абал жаратып алам. Аэропортко баратып паспортумду унутуп калам, тойго бартсам флешкамды таштап коюшум мүмкүн. Жолдошум бир нерсе айтса эсимен тарс чыгып калат. Айтор, унутчаактыктан арыла албай атам. Балким айланадагы окуяларга өтө кылдат мамиле жасашым керекпи деп ойлонуп калам.

Анара Дүйшөналиева

Булак: Леди.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу