Назира Токонова, ырчы: “Кыргыздын жигити жок калыптырбы деп сөккөндөр болду”

Мукам үнү, сулуулугу менен далай мырзаларды түн уйкусунан калтырган Назира
Токонова деген кыргыздын кымча бел бир кызы бар. Сүйүү темасындагы ырларды ийине
жеткире ырдаган ырчы жакында эле «Жүрөгүмдүн эшигин черткен мырзаны таптым»
деп жар салган эле. Ошондон тарта кандай жигит Назира айымдын жүрөгүн багындырып
алды болду экен деген суроо баарыбызды кызыктырып келген. Жеке жашоосу,
чыгармачылыгы тууралуу ырчы айым менен маектештик.

– Чыгармачылыкта кандай жаңылыктарың
бар?

– Учурда Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармонияда эмгектенип жатам. Адеп ыйман
жана маданият жылына карата көптөгөн иш-чаралар уюштуруп, концерттер көп болуп жаткандыгына
байланыштуу даярдыктар менен жүрөм. Жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп жатам. Буйруса
жакында угармандарга тартуулайм.

– Ырчылыктан эмне таптың?

– Жашоомду музыкасыз элестет албайм. Музыка менин жан дүйнөм, ааламым. Чыгармачылыкка
аралашып калганыма жаратканга миң мертебе шүгүр айтам. Бул чөйрөдөн өзүмө сырдаша турган,
сындаша турган, сыйлаша турган көп досторду, санаалаштарды таптым. Алар менен унутулгус,
кайталангыс көз ирмемдерди бирге өткөрдүм. Эң негизгиси ырларымды, анын арты менен
күйөрмандарымды таптым.

– Сүйүүнү ар бир адам ар кандай түшүнөт. Сиздин көз карашыңыз боюнча сүйүү деген
эмне?

– Сүйүүнү ар ким өз деңгээлине жараша түшүнүп, кабыл алат. Кээ бири байлык, бийликке карап
сүйөт. Ал эми башкалары адамдык сапаттарга көңүл бурат. Кай бирлери сүйүүгө такыр ишенбейт.
Өзүм тууралуу айтсам сүйүүнүн бар экенине ишенем. «Сүйүүсүз жашоонун маңызы жок» деп
бекеринен айтылган эмес да. «Топурак менен суу – ылай, аял менен эркек жубай» дегендей дайыма
аял эркек бири-бирине жөлөк болуп жашап келет. Жашоонун маңызы ушунда болсо керек. Сүйүү –
бул ишеним. Түгөйлөрдүн бири-бирине болгон арзуусу деп түшүнөм.

– 3 жыл мурда экинчи аял болууга каршымын деп интервью бериптирсиң. Азыр деле
ошол позицияны карманасыңбы же оюң өзгөрдүбү?

– Жок, өзгөргөн жок. 3 жыл эмес 3 кылым өтсө дагы бул оюмдан эч качан кайтпайм. Себеби, ар бир
аялзаты биринчи болгусу келет. Миң сүйүп-күйүп, акылымдан адашып жатсам дагы экинчи аял
болмок эмесмин. Экинчи аял деген – көлөкөдөгү аял же жөн эле эрмек болуп калат да. Күйөөң менен
чогуу той-ашка бара албай же кайын журтуң менен адамча сыйлашып, катыша албай каласың.
Тааныштар тигинин экинчи аялы болуп тийиптир деген сөз угууну каалабайм.

– Жеке жашооңдо болуп жаткан жаңылыктарың менен бөлүшө кетсең, Назира жакында
турмушка чыгат деген кеп канчалык деңгээлде чын?

– Жеке жашоом тууралуу ойлонуп эле жатам. Качан турмушка чыгам анын так убактысын айткым
келбейт. «Кеңешип кескен бармак оорубайт» дейт эмеспи. Жакындарым, жигитим менен кеңешип
анан той болчу күндү силерге жана окурмандарга сөзсүз айтам.

– Социалдык тармактарда Назиранын жигити кыргыз эмес экен деген кептер тарады…

– Мен бир адамды сүйүп калсам улутуна карабай турмушка чыгып кетем. Кыргызбы, орусбу,
дунганбы айырмасы жок. Ал мени бактылуу кылса болду. Андай кептин тарап кеткени бир жолу
экөөбүздүн сүрөтүбүздү инстаграмдагы баракчама жүктөп койгом. Аябай көп комментарий жазып
жиберишиптир. «Ата-энеңе наалат», «Кыргыздын жигити жок калыптырбы» деп мени сөккөнгө
чейин баргандар болду. Ушундан кийин анын сүрөтүн жүктөбөй калдым. Жүктөсөм дагы бетин
көргөзбөйм (күлүп).
Ал эми менин башымды айлантып, жүрөгүмдү багындырып алган мырза тууралуу айтсам, ал
кыргыздын эле жөпжөнөкөй жигити. Канында эч бир улуттун аралашмасы жок. Атасы дагы, апасы
дагы кыргыздар. Менин кыялымдагы жигит экен. Мен койгон талаптардын дээрлик баарына жооп
бергендиктен ушул жигитти тандадым.

Бай, белгилүү мырзалар арасында эл көзүндө жүргөн жаш, сулуу кыздарды «Ээлеп»
алмай деген адат көп байкалат. Сага тор жайгандар болду беле?

– «Бир карын майды бир кумалак чиритет» деген сөз бар эмеспи. Анын сыңары бардык кыздар
бирдей эмес. Жашоого олуттуу көз караш менен караган кыздарыбыз толуп жатат. Ооба, байлыкка
азгырылып атасындай болгон кишиге турмушка тийип кеткендер бар. Андайларга туура эмес көз
караштамын. Ал эми мен акчага, байлыкка, бийликке эч качан кызыккан эмесмин. Кызыкпайм дагы.
Мага тор жайган мырзалар болгон эмес. Болгон күнү деле аларды ордуларына коюп коймокмун.

– Азыр сезон убагы эмеспи, бир тойдо канча каражат табарыңды айта аласыңбы?

– Туура, күз келип той-топурлар тынбай болуп жаткан маалы. Мындан 3 жыл мурда тойлор ушундай
көп болгон. Бир күндө 4-5 тойго чакыруу келип калчу. Ошол көрүнүш быйыл дагы кайталанып жатат.
Эки той бир убакка дал келип калгандыктан көпчүлүк учурда баш тартууга туура келип жатат.
Тойдун көп болуп турганы жакшы да. «Карышкырдын түшүнө кой, ырчы менен тамаданын түшүнө
той кирет» деп тамаша иретинде айтылган сөз бар эмеспи. Анын сыңары азыр тойдон колум бошобой
жүргөн учурум.

– Стресске кабылсаң, маанайың чөгүп турганда кантип өзүңө келесиң?

– Көпчүлүк учурда стресске кабылуудан качам. Себеби бул биринчиден ден соолукка зыян,
экинчиден энергияң коройт. Албетте, пенде болгондон кийин мындай нерселер болбой койбойт да.
Кээде маанайым чөгүп, капа болгон күндөр болот. Андай учурларда шаңдуу музыка угуп, бийлеп же
сейилдеп келем. Салкын соккон жел адамга дем берет. Оюмда баары сонун болот деп өзүмдү колго
алам. Жакшы нерселерди көп ойлогонго аракет кылам. “Маанайың жок болуп турганда, жаман
нерселерди ойлой берсең, жашооң дагы ошол нукка бурула берет” деген ишенимди бекем кармайм.

– Кандай эне болоруңду элестете аласыңбы?

– Албетте, элестете алам. Кудай аялзатына ушундай кереметти бекер жерден бербесе керек.
Баарыбыз кичинекей кезде куурчакты балам деп элестетип, кучактап алып уктатып, кийимин жууп,
үтүктөп, кийгизип аларга эне болгонбуз да. Балага абдан жакынмын. Кичинекей бала көрсөм
жүрөгүм элжиреп, эзилип кетем. Машине айдап баратып тыгында же жол чыракта туруп калганда
башка машинадан бала көрүп калсам тийишип калам. Аябай мээримдүү эне болом. Сен кийин
балалуу болсоң балаңдын ууртун өзүң эле жарасың го деп апам көп айтат.
Назирадан кеңеш:

– Бетке кантип кам көрүү керек?

– Көп ыйлабаш керек. Себеби ыйлаганда көздүн тегерегине бырыш түшөт. Учурда бет майлар,
маскалар түрү менен чыгып жатпайбы. Аларды тандап алып каалаганын колдоно берсе болот.

– Тамакты кантип даамдуу кылып жасаш керек?

– Ар бир ишти чын жүрөгүң менен майын чыгарып жасасаң натыйжалуу болот. Ошол сыяктуу эле
ашканада дагы тамакты чын көңүлүң менен берилип жасасаң даамдуу болот.

– Күзгүнүн алдында канча убакыт сулууланыш керек?

– Ар бир айым сулууланганына жараша турат. Өзүм тууралуу айтсам, эгерде жөн эле макияж коё
турган болсом жарым саат кетет. Ал эми башымды жуугандан кийин чачымды кургатып, укладка
жасап, боёнуп чыкканга чейин кеминде бир саат убакыт коройт.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу