Назира Нуржанова, модель: «Жашы элүүдөн өтүп калган бир адам кулак какты кылып, сезимин билдирген»

— Азыр Бишкекте моделдерди даярдоо мектеби көбөйүп кетти. Себебин эмнеден көрүп атасың?

-Азыркы жаштардын мүмкүнчүлүктөрү чексиз. Бирөөсү билим жагын, бирөөсү менеджерлик жана башка толуп жаткан өнөрлөрдү өздөштүрүп атышат. Ошонун ичинде моделдердин өнүгүүсү да барган сайын күн санап өрчүүдө. Массалык маалымат каражаттарынан «модель мектебине чакырабыз» деген жарнамалар да толуп кетти. Ушундан болсо керек.

— Бул мектепте кимдерди кабыл алат жана эмнени окутат?

— 16 жаштан өйдө кыз-келиндерди кабыл алат. Ал жерде тиги же бу жактарына карабайт. Баргандарга биринчи кезекте түз басууну, эл астына чыкканда кантип өзүн алып жүрүүнү жана уялбоону, ошону менен катар боёнуп- жасануу жактарын үйрөтөт.

— Мектепти бүткөндөр кайсы бир моделдердин кол астында иштесе болобу?

— Болот. Ар бир моделдер мектепти бүткөндөрдү электен өткөрүп, боюна, келбетине карап келишимдин негизинде жумушка чакырат. Ал жерде көбүнчөсү дүйнөлүк мерчемге (90 60 90) дал жана жакынырактарын тандашат.

— «Сүйүү» деген эмне?

-Бул түшүнүктү аябай эле кеңири карайм. Анын ичинде окумуштуулардын талдоосунан бир мисал келтире кетейин. Ар бир адамдан жыт бөлүнүп чыгып турат. Ар бир адамдыкы өзүнчө. Кайталангыс дегеним. Алгач кыз менен жигит таанышып, аз өтпөй чогуу киного же театрга, паркка сейилдеп басышат. Ошо кезде биринин жыты бирине мээ аркылуу маалымат менен камсыз кылынат. Мээ өз учурунда иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Эгер жыттары ымалашып, дал келишсе, анда экөөнүн ортосунда мамиле пайда болуп, бири-бирисиз жашай албастыгы айкындыкка чыгат. Ток этер жери ушундай.

— Азыр кыргыздын жаш, чырайлуу кыздары өзүнөн бир топ эле улууларга колукту, токол болуп кетип атат. Сага да ушундай сунуштар болгонбу?

— Андайлар болбой койбойт экен. Жашы элүүдөн өтүп калган бир адам кулак какты кылып, сезимин билдирген. Мурда ажырашып кетиптир. Балдары чет өлкөдө окууда окшойт. «Сага мен курактуу, сени жакшы көргөн адам колуңду сураса эмне дээр элең?»-деп. «Мен бул жөнүндө ойлонуп көргөн эмесмин, ойлонгум да келбейт»- деп так эле  жооп бердим. Андан кийин ал байке телефон чалбай калды. Мени түшүндү го.

-Болочоктогу жолдошуң кандай адам болсо деп ойлойсуң?

— Мени сүйгөн, айтканын кылган. Эгер колунан келбесе жөн эле «колумдан келбейт» -деп ачык эле айта алган. Чечкиндүү. Бардык жагынан күчтүү. Туруктуу, туу туткан ойлору бар адам болсо деп тилейм.

— Боючу?

— Анысы эч кандай роль ойнобойт. Эми узун бойлуу жигиттер саналуу. Тандоо аз. Эң негизгиси башы  иштесин. Жашоого тың,  билимдүү болсо болду.

-Кесибине маани бересиңби?

— Милиционерден башкасы жарай берет. Мейли ботаник болсун.

— Канча балалуу болсом дейсиң?

— Төрт. Эки кыз, эки эркек болсо. Колдон келсе  эки жолу эгиз төрөмөкмүн. Кийинкисин кыйналбай…

Саясатка кызыгасыңбы?

-Анча кызыга бербесем да, өлкөдөгү болуп аткан жаңылыктардан кабардар болууга аракет кылам. Көз кырымдан чыгарбай.

БУЛАК:Майдан.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу