Назира Жетигенова кол чаппагандарды «Шрек» дейт…

Белгилүү куудул, ырчы, алып баруучу Назира Жетигенова тойдо ага кол чаппай отургандарды «Шрексиңер» кол чаппасаңар ушинтип жүгүнгөн бойдон тура берем деп элдерди күлдүрдү. Тойлорго ал ырчы эжеси менен бирге барат. Жагымдуу ырларды гана ырдабастан Назира элдин боорун эзип, тамашага салган жайы коомчулукка абдан жагат.  Куудул табышмактарды айтканда да, ким тапса ошол менин үйүмө барат деп кызыктырат, анда да табышмактарды таба алгыс кылып айтат дейсиң: «Ак түстүү, төрт бурчтук» десе эле баары кант эе салфетка дешет. Жыйынтыгында, эч ким таппай, анын жандырмагы «помидор» экендигин айтып, таап алсаңар үйүмө барып алсаңарчы…деп тамашалайт. Үй демекчи, жакында эле Назира айым үйүн ремонттоп, үйүндө, апасы, неберелери жана күйөө баласы менен жашагандыгын айткан.

Белгилей кетсек, Назира Жетигенованын 2 кызы, 3 ебереси бар.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу