Назира Бегим сунушка жооп берди

Коомчулук арасында журналист Назира Бегим Фейсбуктагы өзүнүн баракчасы аркылуу “Эки аял алууну мыйзамдаштыруу керек” деп жазган посту эл арасында кызуу талкууга жем таштаган эле. Андан көп өтпөй Бектур Аширбеков аттуу жигит Назира Бегимдин колун соцтүйүн аркылуу сураганы баарыбызга маалым.

Эми болсо Бектур Аширбеков Назира Бегимдин өзүнө жолугуп, баш кошуу тууралуу сунушун киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Бектур Аширбеков Zaman.kg маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Назира Бегим баш кошуу тууралуу Бектурдун сунушуна мындай жооп берген.

«Назира Бегимдин колун сурап, ага сунуш киргизгенимде ал мага жооп берип, мындай деди Ата-Эне нааразы кылбай, биринчи алар таапкан кызга үйлөнүнү жана ата-энемин батасын алууну тууралуу кеңешин берди. Эгерде ал кыска ойлуу болгондо «мени же ата-энеңди танда» деп башкача оюн айтмак. Мындан улам акылы абдан тунук, чыныгы эрки күчтүү, баамчыл аял экен. Анын акыл-эстуу экендигине жетиштуу далил эмеспи. Мен аны кыргыздан башка табамынбы?»,-деди Аширбеков.

Булак: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу