Назира Бактыбекова: “Нурлан экөөбүз бири-бирибизди көз карашыбыздан түшүнөбүз”

Кыргызстандагы атактуу ырчылардын бири Нурлан Насиптин менеджери, журналист, чебер айым Назира Бактыбекова менен кызуу маектештик. Талкуу учурунда “Нурлан мага автоунаа белек кылды” дейт Бактыбекова. “Жөн жерден белек кылбаган чыгаар” деп тамашалай, аны кепке тарттык…

— Алгач өзүңүздү кыскача тааныштырып өтсөңүз?
. Мактангыдай болбоюн, мектепти да жакшы деген бааларга окудум … Бала кезимде өтө деле тентектик кылбай,  жоош кыз болуп чоңойдум. Мен Нарын шаарында туулуп-өстүм.

— Баса, өтүп кеткен туулган күнүңүз менен!
— Рахмат ! Өзүңүздөр билгендей эле, 10-июль күнү өздүк майрамымды борбор калаабыздагы ресторандардын биринде белгиледим. Туулган күнүмө шоу-бизнес чөйрөдөгү жакын досторум келип, куттуктап кетишти.

— Нурлан мырза автоунаа белек кылганын уктук?..
— Туура айтасыз… 9-июль күнү түнкү 00:00дө эң биринчилерден болуп Нурлан куттуктады. Биринчи күнү киного кирип, тамактанып, айтор, майрамды эрте эле баштап алдык. Эртеси күнү дасторкон жайып, жакын досторубузду чакырып, конок күттүк. Анан түнкү туулган күнүмдүн ортосунда  Нурлан көзүмдү байлап, досторубуз менен кошо сыртка алып жөнөдү. Көзүмдү ачсам, бет алдымда машине турган экен. Ооба, автоунааны күтүүсүз жерден белек кылды. Нурландын сюрпризи ишке ашты. Сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибергим келди. Бул менин алгачкы автоунаам болгондуктан, абдан жакты.

— Темир тулпарыңыз кут болсун! Нурлан менен кантип иштешип калгансыз?
— Рахмат! Нурлан менен көп жылдан бери таанышмын жана жакын досмун. Экөөбүз мен радиодо иштеп жүргөндө таанышканбыз. Ошондон тарта достошуп калдык. Кийин менеджер болуумду сунуштап калды. Мен ойлонуп көрүп, анан макулдугумду берип,  2014-жылдан бери биргеликте иштешип келе жатабыз.

— Менеджерлик кызматты аркалоо кыйын эмеспи?
— Албетте, башында бир аз көнө албай, кыйналасың. Бирок, мен үчүн Нурлан менен иштешүү оңой болуп, кыйналган жокмун. Мунун себеби, экөөбүздүн мүнөзүбүз, жылдызыбыз келишип калганында болсо керек. Ушул убакка чейин экөөбүздүн ортобузда талашып-тартышуу деген таптакыр болгон эмес, бири-бирибизди көз карашыбыздан эле түшүнөбүз.
Нурлан сахнада кандай болсо, жеке жашоосунда да ошондой жигит. Үйүндө деле, ар дайым жүзүнөн күлкү кетпей, шайыр жүрөт. Оюнда эмне болсо, анын баардыгын ачык айтат. Тарбиялуу, карапайым, жөнөкөй жигит. Ал жылдыз оорусу менен ооруп көргөн эмес.

— “Мага продюсер же менеджер болуп бериңиз” дегендер да көп болсо керек?..
— Ооба, элге аты чыга элеги да, атактуусу да көп кайрылат. Бирок, мен Нурландан баш тарта албайм. Себеби, Нурлан экөөбүздүн ортобузда келишим бар. Азырынча башка жылдыздар менен иштешүү планымда жок, өзүм да каалабай элемин.
Анын үстүнө журналист болуп да эмгектенгендиктен, убактым өтө тар. Нурланга жетишсем, башкаларына жетише албай калам.

— Ортодогу келишим официалдуубу?
— Албетте,  официалдуу түрдө келишим түзгөнбүз. Канча убакыт экени сыр бойдон калганы жакшы.

— Бул боюнча талаптарыңыз барбы?
— Менин өзгөчө деле талаптарым жок. Нурлан мени керектүү нерселер менен өз убагында камсыз кылып турат.

— Мыкты менеджер болуунун сыры эмнеде? 
— Мунун эки гана сыры бар: аракет жана эмгек. Кайсы жумуш болбосун ишке так болуп, ага жоопкерчилик менен караса, адамдар менен мамиле түзө билсе, баары ойдогудай болот. “Ишиңе өтө таксың, убагында аткарасың жана артка калтырбайсың” деген пикирлерди көп угам. Балким, алар туура айтып жаткан чыгаар…

— Дагы башка кандай өнөрлөрүңүз бар? 
— Чеберчилик менен алектенем. Тактап айтсам, мода үйүнө көйнөктөрдү тигип жүрөм. Муну мен хобби катары көрөм. Азырынча чоң деле бизнесим жок. Кудай буйруса, келечекте болот деген ойдомун.

— Алдыга койгон пландарыңыз?..
— Пландар көп. Кандай пландар экенин алдын ала айтпай турайын. Азыр жаңы ыр жаздырып, клип тарттырып, он күндүк гастролдук тур менен Таласка сапар алып жатабыз…

Булак: gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу