Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”

Интернетте жан дүйнөсүн таамай айтып, кудум башкалардын оюн окуп, билгендей постторду жазган белгилүү алып баруучу Назира Айтбекова жан дүйнө, жашоо турмуш, өлүм, нөшөрлөп жааган жамгыр тууралуу кызыктуу жазып элдин көңүлүн бурду.

“Жан денеге бүтүп жатканда тыгылган жерге киргиси келбей, ыйлап жатып кирет экен. Анан адам баласы чыгарган эрежеге сыйганга мажбур болуп атып, дагы кыйналат жан. Жаныбызды камчылап, кыйнап, зордоп жашайбыз. Үйүнө кеткиси келе бергени ошондон го ээ? Кичинекейимден эс тартканы «Үйгө кетким келип атат» сөзү көп чыгар эле. Ордумду таппай жүргөнсүп, туура эмес жерге түшүп, адашып калгансыймын. Жаныбыз өзү көнгөн эркиндигин самап, үйүнө кеткиси келип атса, эмнеге өлүмдөн коркобуз? Анда өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу? Аны биз коркунуч катары баалап, желмогуздай сүр берип койсок керек? Жаралганыбыздын маанисин, бул дүйнөгө келгендин маңызын түшүнүп алсак, коркунучсуз, көйгөйсүз жашасак керек ээ? Менин бул дүйнөдөгү милдетим — жылмайуу, элге жылуулук тартуулоо болсо, жылмайуум бекер! Сүйүүмдү аралаштыра бердим! Качан кетерибиз белгисиз. Кеткиче, аруу дүйнөм менен бөлүшкүм келди…”- деп жазды.

Андан мурунураак эшикте жааган жамгыр тууралуу дагы бир пост жазып элге талкуу жаратты. Ал мындай деп жазган:

“Жамгыр нөшөрлөп төгөт…өчү бардай! Көптөн бери ичине баардык ызаны толтуруп жүрүп, бир күнү жарыласың го! Куду ушундай күн ыйлап жатат сыртта. Унаамдын айнек сүргүчү кыйч — куйч этип, улам сууну шыпырып түшкөнгө үлгүрбөй, безеленип чуркайт. Колум рульда болгону менен оюм башка жакта. Алыста. Дайыма колума рульду тапшырып коюп, чуркап кетет. Ойгонсом, башка көчөлөрдө адашып жүргөн болом. Жалгыз калганда жаныман карыш чыкпаган ууртумдагы күлкүм да кайдадыр сүңгүп жок болуп кетет. Ойлорум анан мен калам. Ойлорум да тилиме окшош жараңа тийип, чымчып, какшыктап турат. Чычалап ийем. Кээде чындык менен беттешүү катуураак тийип, безге сайып өткөндө физикалык денем чочуп, сүйлөп жиберем. Дагы жакшы жанымда эч ким жок. Болсо, ит эле болмокмун. Бүгүн мен адамдардын жашоомдогу орду тууралуу ойлондум. Миссиясын аткарып, жашоомдон чыгып кеткен эски тааныштар, жаңы миссия аткаруу үчүн жашоомо кирген жаңы адамдар тууралуу ойлондум. Көнүмүш адатка айланып бара жатат. Дүйнөмдөн чыкканда ыйлабай калдым. Анткени миссиясын аткарган адам байласаң да жаныңда турбайт. Аткара элеги куусаң да кетпейт. Кызыгы, алардын турмушунда мен кандай роль ойнодум экен? Жашооңорго кирсем, бакыт алып келип, ак жолтой болсом экен деп тилей баштадым…”-деп кошумчалады.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу