Назира Айтбекова: «Эч качан жолдошуңду жарнама кылба…»

Көп учурда өз оюн  өздүк баракчасына жазып чыгып, жан дүйнөсүндөгү сезимдер менен бөлүшкөн, алып баруучу Назира Айтбекова бул ирет төмөнкүчө билдирүү калтырды. Анда, «1. Жеке жашоо сыр бойдон калуусу дурус! Өзгөчө айымдардын топурагы жеңил келет. Сенин себептериң эске алынбайт эч качан.

2. Эч качан жолдошуңду реклама кылба! Эч качан! Ажырым жолго түшүп калсаңар, ал рекламадагыдай сонун бойдон калат! Жаманы сен болосуң!

3. Эч качан сынтакпа! Эч качан! Сени эртең кандай турмуш күтөөрүн билбейсиң!

4. Эч качан эч качан дебе! Ат баспайм деген жерин миң басат!”»-дейт алып баруучу айым.

Көпчүлүк интернет колдонуучулар бул билдирүүнү колдоп, «Туура»-деп  жазып калтырышты.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу