Назира Айтбекова: «Эркектердин эркелетип, «Алтышка», » Жаным» деген сөздөрү жакпайт!»

Жашоомдун түркүн түсү, көпкөк асманым, кучак толгус ааламым, жарыгы көп дүйнөм, караңгымды жарык кылган шоолам, суусунум кангыча ичкен суум, жашоомду таттуу кылган балдайым, мен сени терееееең, керек болсо кенееен, жада калса бийииииик, көнө келсе тазаааааа сүйөм деп айтайын десем, айтканга киши жок ай! Репетиция кылып атам! Кокусунан күтпөгөн жерден кокту колоттон сүйүү чыгып калса, даяр болоюн! Эркелетүүлөрдөн «Алтышка» , » Жаным» деген сөздөр жакпайт. «Дежур» сөздөр. » Любоюна» колдоно беришет го! Сүйсөң, сүйгөнүңө, асыл сөздөн танда. Ага гана таандык болсун! Асыл сөзгө айкалышкан мамилең да астейдил болсун! Аяр мамиле, жылуу сөз тоңуп калган жүрөктүн баарын ээритет, жумшартат, гүлдөтөт!

Назира Айтбекова

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу