Назира Айтбекова: «Ылдый жагында бир карыш эт «лишний» өсүп калганы эле болбосо эркектик намыс жок!»

Алып баруучу Назира Айтбекова фейсбук баракчасына төмөнкү билдирүүнү жазып чоң талкуу жаратты.  Анда, «Соц. тармактардын өнүгүүсү эркектердин тилин узартты го, ээ? Илгери эркекче бурчка жетелеп барып туруп, тумшуктарын жалпайта коюп, «Эр чекишпей, бекишпейт» деп күптүсү чыгып, түшүнүшүп алар эле. Азыр телепондун артында акыйнек айтышып, кимиси көбүрөөк, курчураак, узунураак статус жазса, ошол утат деген түшүнүк. Жеке мен үчүн өөн учурайт. Эркектик сапатты ылдыйлатпай элеби, же мага эле ушундай көрүнүп атабы? Цивилдик жашоодо сөөмөйдүн учу эле иштегени туурабы же? Таң! Кызыктай көрүнүш! ))
Ушак ташып, кыздардын статусу, сүрөтүнүн алдында сындап, жамандап, каргап, сөгүп комментарий жазгандардан көңүлүң айланат тим эле! Ылдый жагында бир карыш эт «лишний» өсүп калганы эле болбосо, эркектик сапат, намыс, касиет жок!
P.s. P.s. Бүтүндөй эмес айрым этек жарашчу эркектерге тиешелүү! Жакшылары, самопал эместери бар. Кызыл китепке кирчүдөй азсыңар бирок!) #жөнэлеойлор» -дейт алып баруучу айым.

Назира айымдын бул жазган билдирүүсү интернет колдонуучулар үчүн түрдүү   пикирлерди жаратууда.

БУЛАК: argument.kg

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу