Назира Айтбекова: «Чыныгы сүйүү айттырбай билет, этекке чаптырбай сезет…»

Сүйүүнүн да түрлөрү бар шекилди. » Көз менен сүйүү» сүйүүсү бар. Анын сымбаты, сулуу көздөрү, же жагымдуу жылмаюусу, айтор, көзүңө толгон анын физикалык бир мүчөсүн жактырып калуу. Кайра — кайра көргөн сайын көргүң келип, маңдайыңа 24 саат бою коюп алып, тажабай тиктеп тургуң келет.Бара- бара көзүң да, көңүлүң да тое баштайт. Башка сага жакпаган, мурунтан көзүңдү жумуп жүргөн кемчиликтери оркоюп чыга келет. Акыл менен сүйүү бар. Жети өлчөп бир кесесиң. Сен өмүр бою ойлонуп жүргөн эрежелерге идеалдуу төп келет. Жашы, жерлиги, бою, кесиби, келбети ал тургай, баары сен каалагандай. Ата — энең да жактырат. Эшикке жетелеп чыксаң да, душман көзүнө көзгө толумдуу. Бирок жүрөк секирбейт. Менин теңим дебейт. Акылга баш ийип, башын ийкеп берет. Жүрөк салым кошпогон соң, андай сүйүүнүн да өмүрү кыска. Жүрөк сүйүү бар. Келесоо сүйүү десе да жарашат. От кечтиңби, чок бастыңбы, баары бир. Жалбырттаган адамды куйкалап, отко салган акылсыз сүйүү ал. Акыл колуман эч нерсе келбейт деп ийин куушурган сүйүү ушу. Көп күйгүзөт. Жинди кылат адамды. Ичип, өмүрүнө кол салып, туура эмес ишке да барат. Коркунучтуу сезим. Жүрөктү «спиртсмен» кылган сүйүү. Дене сүйүү деген да бар. Акылдын да, жүрөктүн да тиешеси деле жок. Кумар кандыруу ирээтиндеги спорт сүйүү. Жеңил сүйүү. Баркы жок, баасы да жок сүйүү. Бат өтөт.
Эсептешкен сүйүү бар. Мен сага, сен мага деген эрежеде жүрөт. Адатта эки тарап бири биринин талабын канааттандырып турат. Бирок жүрөк башта туруп, акыл колдоосун көрсөтүп, көзүң көргөн сайын жыргап, денең алоолонуп турган «Чанда сүйүү» бар. Аз жолугат, бирок саз. Ага туушуккандар бактылуу! Өмүр бою өбөк болуп , бакыт, тынчтык тартуулап жүрүп отурат. Сүйүү дегениң ал — камкордук, жылуу мамиле. Чыныгы сүйүү кулак менен эмес жүрөк менен туят. Сөз менен эмес көз менен сезет. Деми -демиңе, дене- денеге махабатын төгүп турат. Чыныгы сүйүү башкача сезим. Урмат бар, сый бар, аёоо, жалоору, боор тартуу, көзүңөн көңүлүңдү окуу, кирпигиңден баамдоо бар. Айттырбай билет, этекке чаптырбай сезет. Каймагын сөздүн терүүнүн кажети жок. Тынчтык да сүйлөйт ал жерде. Сүйүүлөрдүн арасындагы эң баалуусу «чанда» сүйүү. Чыныгы сүйүүңөргө жолуккула!

Назира Айтбекова

БУЛАК:argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу