Назира Айтбекова: «Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин…»

Белгилүү алып баруучу, кино актриса Назира Айтбекова арзан кызмат көрсөтүүнү сунуштап кайрылган кардарларына жооп узатты.

“»Арзан алып барып бер», «Арзан ойноп бер», «Арзан же бекер реклама чыгарып бер» дегендер, мен байдын токолу эмесмин же президенттин кызы эмесмин. Уулун жалгыз багып келе жаткан карапайым келинмин. Уулумдун курсагы ачат. Таң калычтуу бирок анын да курсагы бар. Ишенбейсиңер, бирок мен дагы тамак жейм. Бизнеси бар байкелер, өзгөчө силер, уялсаңар боло”,-деп билдирди блогер айым.

Эскерте кетсек Назира Айтбекова белгилүү алып баруучу гана эмес, «Стоп Трафик», «Быйыл сөзсүз күйөөгө тийем»,«Көк-Салкын» фильмдеринде жана бир катар долбоорлордо аткарган ролдору менен элге таанымал актриса. Назира айым социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу болуп эсептелет.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу