Назира Айтбекова: «Тооктун мээсиндей кичинекей мээбизге акыл киреби деги?»

Бул ирет Назира Айтбекова өздүк баракчасына жөн эле ойлор хештегин жазып төмөндөгүчө билдирүү калтырган:

Пилге пил кол салыптыр, карышкыр карышкырды жеп кетиптир, жолборс жолборсту өлтүрүп кетти деген жаңылык уккан эмесмин бирок акылдуу деген адамдар бирин бири мейли физикалык жактан, мейли моралдык жактан өлтүрүп, жок кылып келе жатат. Биз бири бирибизге эле эмес бүтүндөй чөйрөгө, жан — жаныбарга кол салабыз. Жер планетасынын эң эле жырткычы, боору таш биз эле болсок керек. Окуганым боюнча токойдо бир бак кыйылса, башка бактар муну сезет экен. Жаныбарлар да өлгөн башка жаныбарга кайгырышат дейт. Вибрация аркылуу бири бирине маалымат жетип турат дешет окумуштуулар. Алардын сезими мн эсептешмек кайда — а? Макулук, эч нерсе билбейт, сезбейт деген жаратылыш ушунча аяр мамиле жасап атканда адамдар неге мынча жырткычпыз? Чыңгыз агамдын башына шире кийгизип маңкурт болуп калган Жоломандар жашообузда арбын. Дин динге, уруу урууга, түндүк — түштүккө, улутка айлабыз кетип, таппай калганда көчө — көчөгө бөлүнүп алып согушабыз. Психологиялык, моралдык жактан өлтүрүү, кол салуу азыркы заманбап жашоодо өтө популярдуу. Тилибизди кайракка кайрап алып, уусун белендеп, бири бирибизге заарыбызды чачабыз. Ал тургай баласы энесин, энеси баласын аябаган заманда кимди ким аясын?! Кимге ким боор оорусун? Ачарчылык дейин десек, токчулук заман. Согуш учуру дейин десең, тынчтык бар. Анан эмне жетишпейт?! Биз эсибизге келип, этегибизди жыйнап, бири бирибизге көмөк көрсөтүү үчүн сөзсүз алаамат болуп туруусу керекпи? Руханий өсүү качан болот? Тооктун мээсиндей кичинекей мээбизге акыл киреби деги? Кирсе, качан? Качан биз күрөшкөндү, кыйратканды, жек көргөндү, душман болгонду токтотобуз? Жан — жаныбар, жаратылыш балким бул жашоого эмнеге жаралып, эмне функция аткараарын билет. Өз жашоосун тынч сүрүп жатканы ошондондур. Бизчи? Биз эмнеге келдик бул жашоого? Бүтүндү бүлдүрүп, кыйратыш үчүнбү? Пендең качан ойгонот? Качан көзүн ачат? Чыңгыз агамдын суроосун берем: Канткенде адам уулу адам болот?. #жөнэлеойлор#сыйбайкетти     

Назира Айтбекова 

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу