Назира Айтбекова Тиматиге кийгизилген ак калпак тууралуу: «Калпак кийгизүү башымды сага бердим деген маанини түшүндүрөт…»

Баарыбызга белгилүү болгондой  25-мартта Бишкек шаарына репер ырчы Тимати келип шаар тургундары менен жолугушкан. Ал эми Тиматиге ак калпак кийгизип кийиз чапан жаап колуна камчы карматкан сүрөттү жүктөгөн алып баруучу Назира Айтбекова өздүк баракчасына төмөнкүчө жазып калтырды. Анда, «Калпак менен камчы бөтөн элге берилчү эмес экен илгери. Башымды сага тартууладым. Ээлик сенде. Каалагандай калча маанисине келчү дешет. Азыр сырттан ким келсе, баш кийимибиз менен куралыбызды кармата салабыз. Каадабыз калып, салтыбыз сапырылып, адаттар артта калды. Улуулардын улуу мурасын урпактары унутту», -деп билдирет алып баруучу.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу