Назира Айтбекова, теле алып баруучу: «Каалайсыңбы, каалабайсыңбы сүйүүгө муктаж болот экенсиң…»

-Сиз ири долбоорлордун автору жана алып баруучусу катары эмгектенип келдиңиз. Кайрадан жаңы долбоордун үстүндө иштөө планыңыз барбы?

-Атайын чоң долбоордун үстүндө эмгектенип, ошол долбоорго башым байланып иштей элекмин. Жакшы пландарды ишке ашырууну кыялданып, кыялдын үстүндө иштеп жүргөн убагым. Аткарыла элек ишти айтып, куру мактанбай турайын. Азыркы тапта «Эл эмне дейт» долбоорунун үстүндө гана иштеп жаткан учурум.

«Эл эмне дейт» берүүсүнөн кийин сизди мыкты актриса катары көрө алдык. Дегеним, долбоордон кийин киного сунуштар түшө баштадыбы?

-Ооба, бул долбоордон кийин социалдык баракчама сунуштар, «сизди кинолордон көргүбүз келет»- деген катар түшө баштады. Аткарган кыска эпизоддук ролго айтылып жаткан сөздөр демиме дем кошуп жатат. Өнөрүм элге жагып, эл талап кылып  жаткан соң элдин талабын аткаруу керек деп ойлойм. 13 жыл ичинде укмуштуудай долбоорлорду алып баргам, бирок аткарган ролум 13 жылдык эмгегимди бат эле басып өттү. Оюмда драммалык, психологиялык жактан таасирдүү ролду аткарууну кыялданып жүрөм. Тилекке каршы кыргыз режиссёрлорунан сунуш түшө элек. Балким акстриса катары роль берип, жүзумдү ачкандан коркушат же кыска коммедиялык жанрдагы актриса катары көрүшөт. Баса, кино тармагы жаңы бүчүр байлап, жакшы кинолор тартылып, чет элдик фестиваль-конкурстарга катышып, ийгилик жаратууда. Биз, азыркы жаш муун өтө билимдүү, таланттуулардын топтомубуз. Кыргызстан ири кино индустриясынын өлкөсү болот деп терең ишенем.

-«Устат» академиясында деректири катары айтсаңыз, академиянын иши эмне себептен токтотулду?

— «Устат» академиясынын  негиздөөчүлөрү Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артистти, төкмө акын Азамат Болгонбаев менен акын, журналист Мирлан Самыйкожо. Жошоомдо чоң өзгөрүүлөр болуп, абдан кыйналып, депрессияга батыш, турмуштан сыныш турган учурда мени алаксытуу үчүн эки досум ойбоюма койбой академияга деректир кылып койду. Эгер сага ишеним артып кызмат берсе, сен күчүңдүн жетишинче аракет кылышың керек. Бир топ иш-чараларды өткөрүп, көп иштерди жасаганга жетиштик. Кенсебиз шаардан алысыраак жайгашкандыктан, көбү таап келе албай, окуучуларга алыс болуп калды. Шаардын так ортосунан офис таап, көчүү үчүн тыныгуу бердик.

-«Kg тай» берүүсүн бир жылга жакын алып бардыңыз. Кийин берүү «НТС» телеканалынан көрсөтүлүп, алыпбаруучулары да алмашты…

-Берүүнүн автору, идеясы ырчы Гулнара Тойгонбаева эжебизге таандык. Иш тажрыйбамда биринчи ирээт балдар менен иштештим. Мен да энемин, баланын тилин тапканды, кайсы учурда кандай сүйлөөнү жакшы билем дегендей. Гулнара эженин сунушуна макул болбой коюуу мүмкүн эмес эле. Ошентип «КТРК»телеканалынан берүүнү бир жылга жакын эфирге чыгардык. Кийин кандайдыр бир себеп, пикир келишпестиктерден улам «НТС» телеканалына кетти. Бул каналдын тартиби боюнча эфирге ошол каналдын журналисти гана чыгат экен.

-Сизге түрк тилдүү мамлекеттерден келишим түшсө  баш тартып келгенсиз. Мүмкүнчүлүк болсо баарын таштап кетүүгө даярсызбы?

-Ал убакта үй-бүлөм, курсактагы балам бар болчу. Азыр баары башкача. Эгер жакшы келишим болсо ойлонбой туруп кетмекмин.

-Май айы майрам ыйы демекчи, Энелер майрамында эмне белек бердиңиз жана кандай белек алдыңыз?

-Энелер майрамында чет жерде болуп, апам экөөбүз телефон аркылуу бири-бирибизди жылуу куттуктадык. Жакын адамдарга майрам күнү гана белек берүү мен үчүн жат керунуш. «Жакшылыктын  эрте кечи жок» демекчи, жакшы белек даярдайм.

-Журналист катары айтсаңыз, Сооронбай Жээнбековдун ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?

-Жаңы жетекчи жаңыча шыпырат болуп жатат. Сооронбай Жээнбеков жалаң өзүнүн кадрларын коюп жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок жыйырма жети жылдык тарыхыбызда кландык башкаруу эмнеге алып бараарын жакшы билебиз. Сооронбай Шариповичтен чоң өтүнүчүм бар, Кыргыз Республикасын светтик өлкө катары калтырышын суранат элем. Ажонун динге болгон көз-карашы бүтүндөй өлкөгө байланбашы керек.

-Жогоруда дин тууралуу сөз болуп өттү, «Аалам сырлары» долбоору эфирге чыга баштаганда диний көз-караштар тура келбей, долбоор аягына чыкпай калган. Сиз көзү ачыктар менен иштешкен иликтөөсү катары айтсаңыз, көзү ачыктарга ишенүүгө болобу?

— Кыргызстан светик өлкө экенине карабай, Жогорку Кеңеште кайра-кайра талкууга алынып, эл өкүлдөрү жана депутаттар мыйзамга каршы чыгышты. Конституцияда «Кыргызстан светтик өлкө» деп жазылганын окуп, мыйзамдагы беренени тебелеп туруп «Аалам сырлары» долбоорун жаптырып салышты. Ошол себептен светтик өлкө катары калышын суранат элем. Кайсы динде, кайсы агымда болбосун, эң башкысы бир түндүктүн ичинде тынч жашасак болду. Долбоорду жаңы иштеп баштаган мезгилде көзү ачыктар көзү карындай жайнап, ошолордун заманы болуп турган учур эле. Себеби психолог адистер өтө аз, баасы асман чапчыйт. Кээ бири сөздүн «псих» деген уңгусун алып, «мен эмне псих белем» дегени өтө уят. Айла жок, көзү ачыктарга багыбызды байлап беребиз. Көзү ачыктар арасында психологу, астрологу, аферисти, анекдок чалышы жана чыныгы касиеттүүсү болот. 150 катышуучунун ичинен бир-экөөсүнүн эле чымыны бар. Биз ошол касиеттүүлөрдү аныктаганыбыз менен эфирге чыгарганга жетишпей калдык. Долбоордун аягында элге көп нерсени түшүндүрүп айткым келген. Кубанганым ошол берүүдөн кийин көзү ачыктардын саны азайып, эл касиеттүүлөрдү иргеп калышты. Сырдуу дүйнө менен байланышкан касиеттүү адамдар бар экенине ынандым. Бул дүйнөнү касиети күч көтөрө алган адам гана көтөрүп кетет экен.

-«Карьераны түптөгөн атактуу айымдарга жолдоштун кереги жок. Болгону ойнош гана жетиштүү» -деп орой айтылган ци-татага кошуласызбы?

-Атагың алыска кетип, дүйнө эли талантыңа таңгалып, алакан чаап турса да жалгыздык жанга батканда көңүлүң эч нерсе сүйбөй калаары анык. Ойчул балким туура айткандыр, бирок бул сыпаат дээринде болбосо, көрүнгөндү жанын жуут тута албасаң болбойт экен да. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы сүйүүгө муктаж болот экенсиң.

-Кайын-журтуңуз менен байланышып, жамандык-жакшылыкта катташып турасызбы?

-Эки эжем (кайнежем) менен ушул күнгө чейин сырдашып, сыйлашып, катташып турам. Башкасы менен катташпайм, сый мамиледемин.

Нуркыз Бакасова

БУЛАК:Ачык саясат

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу