Назира Айтбекова: «Тазалыгыма кайтып, кайрадан кереметке, жомокко ишенип баштадым бүгүн!»

Алып баруучу Назира Айтбекова өзүнүн инстаграм баракчасына жашоодогу  басып өткөн ийгилиги тууралуу бөлүшүп,  апасына ыраазычылык билдирди. Ар бир инсан аракет кылса баардык каалоолор орундаларын, максаттар ишке ашаарын да баса белгиледи. 

Анда, «Жашоом көп жолу кереметке толду. Ошон үчүн кереметтерге ишенем. Жөнөкөй мугалимдин кызымын. Апам жалгыз кызын эч кимге кор кылбай, көзүнүн карегиндей сактап, тумшуктууга чокутпай, тырмактууга алдырбай, күн тийсе көлөкөсүнө алып, суук болсо, кучагына жылытып, жалгыз башына кабагым — кашым дебей, бирөөгө догун артпай чоңойтту. Ичимен чоң окуу жайда окуурумду билчүмүн. Туурасы, ошого абдан ишенчүмүн. Олимпиадага катышып, республика боюнча экинчи орунга илинип, 100% жеңилдетүү менен Эл аралык Ататүрк Алатоо университетинин » Дүйнөлүк тилдер» факультетине өтүп, экстерно мектепти бүтүрүп, окуп калдым. Болбосо, мугалимдин маянасы менен Жогорку окуу жайдын контрагын төлөп окуу мүмкүн эмес эле. Тил үйрөндүм. Таанышы жок эле, талантым менен танкадай сүзүп, кастингдердин эшигин каккылап жатып, Коомдук каналдын эң алдыңкы, рейтинги бийик берүүлөрүн алып баруу буйруду! 13 жылдын ичинде көптөгөн эларалык долбоорлорду алып бардым. Бул да жөнөкөй кара кызга буйруган керемет! Уулдуу болдум! А бул кереметтердин эң чоң керемети! Кереметтер көчү уланууда. Ал кереметтер жөн эле асмандан түшкөн жок. Көп эмгектендим, кааладым, кыялдандым, ишендим. Жаратканым амандык берсе, кыялдарым орундалат деп билем. Дагы далай кереметтерге ачыкмын! Жолумдагы мени күткөн жакшы жаңылыктарды күтүүдөмүн. Жөнөкөйлүк, сабыр, дөөлөттү көтөрө ала турчу акыл берсин! Сиз да ишениңиз, окурманым! Жакшы тилек сепсең, жакшы күндү эгесиң! Туура ой жүгүртүү кажет экен. Жакшы тилек жарым ырыс болоорун унутуп баратыптырмын. Көр оокат, пендечилик кээде алаксытып жиберет. Бүгүн мурунку күндөрүмө, балалык баёоолугума сүңгүдүм. Ошол баёоолук, курчтугум, коркуу, күмөн саноо сезимимдин жоктугу көп ийгиликке жеткизиптир көрсө. Тазалыгыма кайтып, кайрадан кереметке, жомокко ишенип баштадым бүгүн! Сары санааман арылып, ак санагым келди. Кемиргенимди, ойго чөмүлгөнүмдү токтотуу каалоосу пайда болду!»

БУЛАК:  argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу