Назира Айтбекова: «Сүйдүрүп кете берем мага эмне? Жашооңорду бычаксыз сойбогула»

Алып баруучу Назира Айтбекова социалдык тармактагы баракчасынан ага сөз айткан үй бүлөлүү жигиттерге кайрылды.

«Кара эле жан дейсиңер,  чачылып — төгүлөсүңөр, ак таңдай сөгүлөсүңөр, кагылып — согуласыңар, жайылып — чогуласыңар, эзилип тигилесиңер, өзөгүм өрттөндү деп, өлүп бир тирилесиңер.  Кабаттын чокусунан, секирип, жан берсең да, акыркы тамчысын, тамызып кан берсең да, сен үчүн тынчсызданып, мен үчүн өлүп берсең, өлүмгө кошо кеткен, жаныңда аялың бар. Аркаман ээрчип кетсең, аталап чыркыраган, акмалап жылдырбаган балдарың бар. Ошон үчүн алысыраак ойногула ! Мени эмес үйдөгүнү ойлогула! Сүйдүрүп кете берем мага эмне? Жашооңорду бычаксыз сойбогула!

Ошону эле айтып коеюн дегем.

Бойдогуңар жакпай жүрөт. Мени түгүл өзүн кошо таппай жүрөт», — деген оюн жазды Айтбекова.

БУЛАК: barometr.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу