Назира Айтбекова: “Сени башка аялзатына карматам…”

Белгилүү алып баруучу, кино актриса Назира Айтбекова интернет баракчасына байма-бай ар түрдүү талкууларды жаратып, пост жазып турат.

Ал кечээ уулу менен кучакташып түшкөн сүрөтүн жүктөп, уулуна арналган пост жазды:

“18 жашка чыккычакты кичинекей колдоруңдан кармап мен жетелейм. Чалынасың, жыгыласың, мүдүрүлөсүң. Тизеңди күүйм. «Айланып өт» дейм. Жашоонун баардык түстөрүн айтып, көрсөтүп берем. Адам катары түптөлүшүңө салым кошом. Чоңойгонуңда жүрөгүңдү ээлеген, элеп — желеп кылган, турмуштун чоң дайрасына сени менен чогуу кире алган башка аял затына карматам. Андан сырткары дагы бирөө жетелейт. Миң мүдүрүлүп, жаза басып, быйтыйган колдорун колдоруңдан албай, тырышып кармаган бирөө болот. Ал сенин — балаң, балам»,- деп жазды.

Назира айымдын уулу менен тушкөн сүрөтү жана жазган посттуна көпчүлүк анын мыкты эне экенин айтып, жакшы каалоо-тилектерди арнашты.

Эскерте кетсек, Назира Айтбекова уулун жалгын тарбиялаган айымдардын бири.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу