Назира Айтбекова: «Президенттикке талапкерлер, пиарга кезекке тургула!»

Белгилүү теле алып баруучу Назира Айтбекова мындан эки күн мурун Темир Сариев менен тойдо бир жыргап бийлегенин, эртеси болсо кыялында Сариев президент болуп Назираны  КТРКнын директору кылып койгондой  сьемкасына уктап калып макияжы жок чыкканын соц тармактагы бракчасына жазып калтырган эле. Коомчулук бул кызыбыздын акыркы жоруктарына айран-таң болушууда. «Бул кызга эмне болгон?Бир жакшына кыз эле деп»-түшүнө албай турган чактары. Эми болсо «президенттикке талапкерлерди пиар кылып берем»- деп фейсбук баракчасына төмөнкү постту жазып калтырган экен.

«Алай — дулой, бороон — чапкын, чуркап келатам. Артымды караганга улгурбой, безилдеп, бироо колдон тартып токтотуп калчудай чалынсам, мудурулсом да куунуп — куунбой тура калып, жолдо тургандын баарын тогуп — чачып, тепсеп, урунуп — беринип чуркап баратам. Куйугуп, кокурогум ачышып калса да токтогум жок. Бир саамга «тык» токтосом , журогумдун ыйын угуп, конулумдун сынып турганын кором. Баардык ыйды комуп алып, кулку — шанга ороп алып чуркап баратам. Бир куну артыма кылчайганда тогулуп — чачылганы коп болоор, бирок жаратым карттанса жа айыгаарын сезип турам. Кой, чуркадым. Урушта туруш жок. 
P.S. дагы ким менен бийлеп келсем? Талапкерлер, пиарга кезекке тургула! 😜😜😂😂»

Булак: ARGUMENT.KG 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу