Назира Айтбекова: «Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам…»

Алып баруучу Назира Айтбекова өзүнүн кызыктуу ойлорун окурмандарга бөлүштү.

“Баш ийип, байланып, көз каранды болгум жок. Жапайы аттай эркиндикти аздектейм. Өпкөм көөп, өрүштөргө чуркап, канат байлап алып учсаң…ооздукталганың, ээр токум салынганың канатыңды кыркып бергениң мн барабар өңдөнөт. Элдин баары жашоонун «туурасы» ошол дейт. Ошого үндөйт. Эркиндигиңди жалооруу, боор ооруу менен карашат. Жарты дешет. Жарымы жок бөксө дешет. Баары бакыт каалашат. Эркиндигиңди байлап бергенде бактылуу болосуң деп ойлошот. Баш ийкейм тек гана..көздөрүм көктө болбосо. Ооздугу жок эркин учкан кушка суктанам. Башканы сүйүү, аны кызгануу, бөлөгү мн бөлүшпөө, көңүлүн жалгыз ээлөө бакытпы? Жолун тигиле тиктөө, кусалануу, көздөрүндө ээрип, көңүлүнө конуу жашоонун жыргалыбы? Кыйнап жиберет бул сезимдер. Көз каранды болгум келбейт. Тушап алгандай…”,-деп жазды Айтбекова өзүнүн кезектеги жөн эле ойлор деп аталган хэштэг менен жазган постуна.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу