Назира Айтбекова: «Мурунку жашоомдо эркек болсом керек. Сулуу кыздарды караган жагат…»

Реинкарнация чын эле бар болгон болсо, мурунку жашоомдо эркек болсом керек. Сулуу кыздарды караган жагат. Суктанам сулуулукка. Астма өнөкөтүм балким мурунку жашоомдо чылым көп чеккендиктен келсе керек. Манжаларыма кагаз кыпчып алып, ийлеп, чеккендей түр көргөзгөн адатым бар. Бирок чекпейм сөйкө, шакек, шиш така, көйнөккө көп жакын эмесмин.

Күнүмдүк жашоодо шымаланып, ыңгайлуу жүргөн жагат. Ачык — чачык, сексуалдуу образ сүрөттө , эфирде көбүрөөк кездешет. Таттуу тамак жеген жагат. Издеп жейм. Жасаганды сүйбөйм. Кыздар менен тил табыш кыйын. Косметика, көйнөк, жигиттер темалары тажатып жиберет. Эркектер менен топтошуп, эркекче жүргөндү сүйөм. «Братишка», «брат» каймана аттарым жагат.

Мен аялга баламды сүйүп, жыттаганда айланам. Үй жыйнаганда , ашканага киргенде айланам. Анан жанымда күчтүү мырза турса, сүйүүсү андан күчтүү жанып атканда гана аялга айланам. Балким бул нерсе баардык аялдарда бардыр. Бирок эркектик мүнөз жашайт менде. Аларды жакшы тааныйм. Ушакташкан, майдаланган, майдага маани берген сапат жок. Эркектен мурун дагы бир жашоомдо мышык тукуму болсом керек. Бирөө сыласа жыргайм, эркелик бар, тентектик. Кызык дүйнө.

Биз бир эле жолу жаралбасакчы дүйнөгө? Балким өзүбүздү жаман алып жүргөнүбүзү үчүн сынактан өтмөйүн кайра — кайра жарала берсек керектир? Бейиш деген биротоло жайга кеткиче тозогубуз бул дүйнө болсочу? Тозогуң ушул жыргал жашоо болсо, бейишиң кандай болду экен? Айтор, мээни анан мени кыйнаган кызык ойлор….

Бул сезим силерде деле барбы?

Назира Айтбекова

БУЛАК:http://argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу