Назира Айтбекова: «Момбеков экөөбүздү «Сармерденге» кыз-жигит айтышына чыгарсаңар…»

Алып  баруучу Назира Айтбекова көп учурда өзүнүн оюу менен  күйөрмандарына бөлүшуп турат. Бул ирет алып баруучу айым фейсбук баракчасына төмөнкүчө билдирүү калтырган. Анда, » Быйыл депутаттардан эсте Жанар Акаев, Аида Касымалиева, Элвира Сурабалдиева эле калды! Момбеков экөөбүздү «Сармерденге» кыз-жигит айтышына чыгарсаңар куп жарашчудай! Тилибизди кайрап алып, укмуш айтышмакпыз! Бирде ашыктык ырынан, бирде акыйнектен дегендей…кымыздан кылгырта жутуп коюп. «Уялчаак» депутат да бар эмес беле, баса!Калганыңардын көзүн көргөн, үнүн уккан киши бейишке чыгат! Жаңы жылыңар менен»-дейт, Айтбекова.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу