Назира Айтбекова: «Мен кыз төрөсөм, эмнеге күнөөлүү болушум керек деп чычалашты»

Тележурналист Назира Айтбекова кечээ күнү жарыялаган макаласынын жыйынтыгы менен бөлүштү.

Ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтоло кетти:

Жыйынтык:

— 90% аялдар оюм менен макулдугун билдирди. Айрымдары үйдө кордук, зомбулук көрүп жашаарын айтып, жашыгандары болушту.

— 5% эркектер асынып ала жаздашты. Акаарат келтирип, сөгүп, жеке жашоомо чейин кийлигишти…адатынча..

— 3% какшыгымды түшүнгөн жок. Мен кыз төрөсөм, эмнеге күнөөлүү болушум керек деп чычалашты. Темасын карап эле ой жүгүрткөнү да болду.

— 1% эркектер толугу менен кошулду.

— 1% аялдар (улуулар )эркектерге жан тартты. Чыдасаңар, өлүп кетпейсиңер! Биз деле ошентип келе жатабыз дешти.

Бул статус кайдан чыкты? Өткөндө бир аял кармап алып,

— Чыдап жашасаң, өлмөк эмессиң. Биз деле далай төпөшкө чыдап, бул кан соргучка далай канымды берип, балдар үчүн жашап эле келе жатам,- деген сөзүнөн жана мага тынымсыз жазылган каттардан улам анализ жасалды.

Биз дайым көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, анан жыйынтыгы жок эле кыйкырып — кыйкырып кала беребиз.

Урматтуу, катталуучум, урматтуу замандаштар, үйдө кордук, зомбулукту, басынтууну, күң кылууну токтотуш үчүн эмне чара көрүүбүз керек?

Буну менен аялдарды ажырашууга чакырганым жок. Арамдануунун кажети жок. «Жибекти тута албаган жүн кылат, аялды тута албаган күң кылат»- дегим келди.

Аял затына айтаарым:

Ар кимиңиңер укугуңарды коргогонду үйрөнгүлө. Тебелетпегиле. Билим алгыла! Ден соолукту чыңдагыла! Иштегиле! (ден соолугуңарды кетире турчу оор жумушта эмес!!! Көңүлүңөр сүйгөн иш болсун) Ийгиликти багындыргыла! Аял затыбыз дени сак, билимдүү, акылман болгондо гана кийинки тукум да күчтүү болот! Күчтүү муун кааласаңар, аялды аздектеп, аялга көңүл бургула! Аял чакчаңдап, эркектин намысы менен ойношун каалабайм! Эркеги күчтүү (баардык мааниде) бирок үйдө аял мн эсептешкен, сыйлаган, аздектеген, көңүл бурган, коруган, сүйгөн коомду каалайм!

Балдар атанын тепкисин, зордугун, эненин ыйын, кордугун эмес урматын, сыйын, сүйүүсүн, үлгүсүн көрүп чоңойуусу кажет!

Макаланы толугу менен төмөнкү шилтеме аркылуу окуй аласыздар:

http://www.nazarnews.kg/news/28773

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу