Назира Айтбекова: «Көзүн көгөртө койсоң ийилип берет деп ойлобо!» Назира Айтбекова кимге нааразы?

Социалдык тармактарда “Жөнэлеойлор” деген хэштег менен өзүнүн пикирин бөлүшүп келген Назира Айтбеков бул ирет чыныгы эркектер тууралуу пикирин жазып, элдин катуу талкуусунда калды.

“Аялыңыздын тили узарып, жемелей баштаса, тынчтыгыңыз бузулуп, үйгө келгиңиз келбей калса, келсеңиз, тамак даяр эмес, көңүлүңүздөгүдөй жылуу ыңгай болбосо, өзүңүздөн көрүңүз! Аял жаман эмес алган жери жаман. Эмнеге дейсизби? Аял катары аялдын сырын ачып берейин. Кулагыңызга күмүш сырга болсун. Анткени арстандай айбаты бар, өгүздөй күчү, Бакай атадай тунук акылы, табышкер, сүрдөтө турчу сүрү болгон эркекке бир да аял тике карап, тилин салбайт. Эркектин карегинен анын эмне каалап, эмнени сүйбөй турганын жазбай окуйт. Күчтүн алдында назик жан ийилип берет. Күч десе чоң муштумдук, кызыл камчылык эмес. Көзүн көгөртүп күндө, көмөлөтө коюп, күм — жам кылып турсам, ийилип берет деп ойлобо. Андай кара күч менен аялдын сйүүсүн тебелеп, сага болгон ыйык сезимин кыйратып, тилин узартып, жек көрүүсүн ойготуп, ал турга өзүн өзү коргошу үчүн өзүңүзгө залал келтирүүсүнө жетелейсиңер. Күч — ийгилигиңизде, ыйманыңызда, акылыңызда, көрөгөчтүгүңүздө, сыйыңызда сүйүүңүздө, кыраакылыгыңызда жатат. Мыкты эркекти акылдуу аял башына таажы кылып, сыйлап алат. Сыпайы болот. Өзүн арнайт. Тукумуңду улайт. Күчтүү, кыйын, ишенимдүү, жакшы эркектен аял коркпой төрөгүсү келет. Сиз кыйын күнгө дуушар болгондо артыңызда жөлөк болот. Барчылыгыңызда ырыскыңызды арттырып турат. Арстан болгула, кабылан болгула, айбаттуу болгула. Чөө болуп, кыңшылап турсаң, аялың эле эмес, айланаң да чөгөлөтөт. Майдаланып, былжырап, оң — тетири сүйлөп, ушакты узунан жаткырбай турсаң, ким сыйлайт? Чыныгы, сүрдүү, күчтүү эркектер көбөйсүнчү! Бизге назик аял болууга уруксат берген!”,-деп жазды Айтбекова.

Анын аталган пикири окурмандар тарабынан учурда кызуу талкууга алынып жатат.

Эскерте кетсек, Назира Айтбекова элге блогер, алып баруучу гана эмес актриса катары да кеңири белгилүү.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу